Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН КОШУНА ӨЛКӨЛӨРГӨ ТААСИРИ КАНЧАЛЫК?


Замира Кожобаева, Прага Кыргызстандагы президенттик шайлоо тууралуу Борбор Азиядагы коңшулаш өлкөлөрдө түрдүү ой-пикирлер айтылып жатат. Айрым пикирлер бул шайлоо он беш жылдан бери демократиялык талаптар менен өткөн Борбор Азиядагы эң алгачкы шайлоо болду десе, кээ бир саясатчылар шайлоону жыйынтыгы мурда эле белгилүү болгон саясий шоу катары баалашты. Айрым пикирлерге караганда, Кыргызстандын жаңы шайланган бийлигинин мындан аркы тандап алган жолу Борбор Азия өлкөлөрү үчүн чоң мааниге ээ.

Кыргызстандагы президенттик шайлоо тууралуу Казакстандык сясатчылар түрдүү пикирде. Казак бийлигине оппозициялык “Нагыз ак жол” кыймылынын жетекчиси Алтынбек Сарсенбай Кыргызстандагы президенттик шайлоонун Казакстанга түздөн-түз тийгизер таасири бар деп эсептейт. Анын айтымында, жаңы шайланган бийлик баарынан мурда коррупция менен күрөшүүнү колго алууга тийиш:

-Эгер Кыргызстандагы жаңы шайланган президент коррупцияны жойсо, адилетсиздикти токтотсо, кыргыз элинин жашоосу оңолсо Казакстанга тикелей тиешеси, таасири болот. Себеби, азыркы Казакстан Акаевдин тушундагы оорулар менен ооруп жатат.

Ушуга окшош эле пикирди дагы бир саясатчы Галыммурат Ауезов билдирди. Анын айтымында, кыргыз эли демократиялык процесстерди алдыга жылдырууда ийгиликтерге жетишет.

Бирок коңшулаш өлкөдөгү болгон президенттик шайлоонун Казакстанга тийгизе турган таасири жок деген пикирлер да болду. Саясат таануучу Берик Абдыгалиевдин айтымында, Кыргызстанда президенттик шайлоодон кийин элдин бейпилдигин сактоо - эң негизги маселе болуусу керек:

-Кыргызстандагы шайлоонун же башка жараяндардын Казакстанга жана башка өлкөлөргө таасири тиет дегенге кошулбайм. Эң башкысы - ошол шайлоонун жыйынтыгын эл кабыл алып, колдоп алса жана элдин жашоосу бейпил болсо - ошол.

Кыргызстандагы президенттик шайлоого Өзбекстан коомчулугу да кайдыгер карабай тургандыгы маалым болду. Саясатчы Искандар Худойбергенов баардыгы жаңы шайланган президент кайсы жолго түшсө, ошого жараша болот дейт:

-Эң маанилүүсү - жаңы президент жана анын айланасы кайсы жолго түшөөрүндө. Эгер демократиялык жолго түшсө, анда Өзбекстанга да демократиялык жолго түшүүгө түрткү болот. Эгерде авторитардык башкаруу жолун тандап кетсе, анда Өзбекстанга да терс таасирин тийгизет.

Ал эми оппозициялык “Эрк” партиясынын жетекчиси Отаназар Орипов Кыргызстанда президенттик шайлоо кыска убакта болуп өткөнү өзү эле жеңиш деп эсепейт:

- Ыңкылап болгон март айынан берки кыска убакта ушундай шайлоо болгону өзү бир жеңиш. Ал эми анын 1-айлампа менен эле аяктаганы дагы бир утук. Кыргызстанда президенттик шайлоолор демократиялык талаптарга ылайык, жакшы өттү деп айтууга болот. Эми Кыргызстан мындан ары да туура жолго түшүп, элдин жашоосу жакшырып кетсе абдан жакшы болот.

Коңшу мамлекеттердин атуулдары да президенттик шайлоого Бакиев менен Кулов биргелешип, тандем менен баргандыгы кубатташты. Өзбекстандык журналист Ибрагим Нарматов экөөнүн тандеми Кыргызстандын келечеги үчүн жакшы ойлонулуп жасалган кадам деген оюн билдирди.

Ал эми Түркмөнстандык оппозиционер, учурда батышта бозгунчулукта жүргөн Мурат Эсенов шайлоонун жыйынтыгы мурда эле, Бакиев менен Кулов шайлоого биргелешип баруу тууралуу чечим кабыл алганда эле белгилүү болгон деген пикирде:

- Кандай болгон күндө да шайлоонун жыйынтыгы кыргыз эли үчүн эң жакшы болду. Менин оюмча, эгерде Бакиев менен Кулов экөө тең шайлоого катышса анда, чатак чыкпай коймок эмес. Ал эми экөөнүн чогуу кадам жасашы менен шайлоонун жыйынтыгы башкача болот деп күтпөй эле коюуга болмок. Анткени башка күчтүү атаандаш деле жок болчу.

Дагы бир түркмөн оппозиционери, “Ватан” оппозициялык кыймылынын лидери Худайберди Оразов 10-июлда болгон шайлоону бүтүн кыргыз элинин жеңиши деп атады. Ошондой эле ал да Бакиев-Кулов тандемин колдоорун билдирип, баарынан маанилүүсү алардын мындан ары да ынтымакташып, чогуу иш алып барганы деп айтып кетти. Бирок Худайберди Оразов Кыргызстандагы ыңкылап жана президенттик шайлоо айрым Борбор Азия өлкөлөрү үчүн чоң таасирин деле тийгизе албайт деген пикирде:

- Кыргызстандагы жана Казакстандагы саясий атмосфера Борбор Азиянын башка мамлекеттерине караганда бир топ өйдө. Назарбаевдин жана Акаевдин түзгөн авторитардык бийлиги Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгүдөй режим эмес болчу. Бул өлкөлөрдө Кыргызстанда болгон жана Казакстандагы азыркы мезгилде болуп жаткан шарттар жок.

90-жылдардын ортосунда Кыргызстан Борбор Азиядагы “демократиялык аралча” деген атка ээ болгон. Бирок андан кийинки түзүлгөн авторитардык башкаруу режими үстүбүздөгү жылдын март айындагы ыңкылапка алып келди. Коңшулар сыяктуу эле кыргыз элинин да жаңы шайланган бийликтен үмүтү чоң. Бирок бийлик элдин үмүтүн канчалык деңгээлде актайт, аны убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG