Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Иранда студенттер камактагы саясатчынын чыгарылышын талап кылып, полиция менен кагылыша кетишти


Ирандык диссидент Акбар Ханжи түрмөдө, аны камоого каршы демонстрация өткөргөн Тегеран университетинин студенттери менен полиция ортосунда кагылышуу болду. Студенттер Акбар Ханжини жана камакка алынган башка саясатчыларды бошотууну талап кылышкан. Ханжинин аялы Массуме Шафи “Азаттыкка” билдиргендей, анын күйөөсү бир айдан бери ачкачылык жарыялап олтурат жана абалы өтө оор:

- Ал азырга чейин ачкачылык жарыялап олтурат. Анын салмагы азыр 55 килограммга түшүп кетти, күч-кубаты жоголуп, ыраңы башкача. Ооз учунан араң эле сүйлөгөнгө аракет кылат. Анын денесинде күчү калбай калды, бирок моралдык жактан бекем турат, - деди ирандык диссидент Акбар Ханжинин аялы.

Ханжи мындан беш жыл мурда Иран бийликтерин ачык сындаганы үчүн алты жылга түрмөгө кесилген.

XS
SM
MD
LG