Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Ливандын жаңы өкмөтүнүн курамы сунуш кылынды


Ливандын баш калаасы Бейруттагы христиандар жашаган жерде жардыруу болуп, өлкөнүн Тышкы иштер министри Элиас Ал-Мурр жеңил жараат алды. Министр Ливан президентинин күйөө баласы. Бейрутта министрге кол салууну Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан айыптап, “Бейрутта дагы жардыруу деген сөз коркунучтуу” деди.

Ушул жылдын февраль айында өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Рафик Харирини өлтүрүп кетишкен эле.

Анын аралыгында, Ливандын жаңы премьер-министри Фауд Синиора президентке өкмөттүн жаңы курамын сунуштады. Анын айтымында, өкмөттө жаңы шайланган паралменттин ар-кайсыл саясий топторунан тандалган 30 министр болмокчу.

Бул Сириянын аскерий күчтөрү өлкөдөн чыгып кеткенден кийинки, башкача айтканда, акыркы 29 жылдан берки алгачкы ливан өкмөтү болмокчу.

XS
SM
MD
LG