Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Израилдеги жардыруудан кеминде 3 адам өлдү


Израилдин Нетания деген шаарындагы соода-түйүнүндө палестиналык жанкечки өзүн-өзү жардырып жиберди. Андан кеминде 3 адам өлгөнү жана отузу жарадар болгону кабарланууда. Бул жардырууну “Ислам жихады” деген топ жасаганын жарыя кылды. Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас терактты катуу айыптап, тезинен кезексиз жыйын өткөрөөрүн, ага Палестинанын радикал топторунун лидерлерин чакыраарын билдирди. Кошмо Штаттары жана азыр Израилде жүргөн Европа Биримдигинин Тышкы иштер боюнча өкүлү Хавьер Солана террор актысын айыптап, палестин жетекчилигин көзөмөлдү колго алууга чакырды. Анын аралыгында Иордандын батыш жээгинде дагы бир террор актысын өткөрүү аракети болду. Козголоңчу газ балондору салынган машинеге олтуруп, жөөттөр жашаган жерге кирүүгө аракет кылган, бирок жолдо башка бир машинени сүзүп алды.

XS
SM
MD
LG