Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

БШК КУРМАНБЕК БАКИЕВДИН ЖЕҢИШИН ЫРАСМИЙ ТҮРДӨ ТАСТЫКТАДЫ


Борбордук шайлоо комиссиясы кезексиз президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды. Анын негизинде Курманбек Бакиевди Кыргыз Республикасынын президенти катары таануу тууралуу токтом кабыл алынды. Буга Курманбек Бакиевдин президенттик шайлоодо 88,71 пайыз добуш топтогондугу негиз берди.

10-июлда өткөн кезексиз президенттик шайлоого каттоого алынган 2 670 530 шайлоочунун 74,96 пайызы катышты. Алардын ичинен 1 776 156 шайлоочу Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгына добуш беришти. Бул добуш берген шайлоочулардын 88,71 пайызын түзүп, Кыргыз Республикасынын президенти болуу укугун берди. Борбордук шайлоо комиссиясы 13-июлдагы отурумунда Курманбек Бакиевдин жеңишин ушундай негиздеп, расмий тыянакты кепилдеген токтом кабыл алды.

Токтомдун долбоорун Борборшайлоокомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Галия Алымбекова окуп берди:

- Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 88,71 пайыз добушун топтогон Бакиев Курманбек Салиевич Кыргыз Республикасынын президенти деп саналсын.

Токтом бекиткен протоколду Борбордук шайлоо комиссиясы дароо Конституциялык соттун кароосуна бермей болду. Отурумдун акырында буга төрага Туйгунаалы Абдыраимов мындай түшүндүрмө берди:

- Мыйзамга ылайык, протоколго БШКнын мүчөлөрү, төрагалары кол коюп, Конституциялык сотко жөнөтөбүз. Конституциялык сот карап чыгып, шайлоо туура өттү деп аныктамасын берет. Аны алган соң, биз үч күндөн кийин шайлоо жыйынтыгынын акыркы цифраларын массалык маалымат каражаттарга беребиз. Конституциялык сотко биз жыйынтыкты беш күндүн ичинде беришибиз керек эле. Биз үч күндүн ичинде берип атабыз. Конституциялык сот корутундусун жети күндүн ичинде берет.

10-июлга белгиленген кезексиз президенттик шайлоого катышкан алты талапкердин ичинен Турсунбай Бакир уулу 3,9 пайыз, Акбараалы Айтикеев 3,62пайыз, Жыпар Жекшеев 0,9 пайыз, Токтайым Үмөталиева 0,52 пайыз, Кеңешбек Дүйшөбаев 0,51 пайыз добуш топтоду. Ал эми бардык талапкерлерге каршы добуш бергендердин саны 18 197 болду. Башкача айтканда, ал 0,9 пайызды түздү.

Шайлоонун жүрүшүндө арыз-даттанууларды караган жумушчу топтун башчысы, Борборшайлоокомдун мүчөсү Болот Малабаевдин отурумда белгилегенине караганда, 10-июлдагы шайлоо күнү 23 арыз-даттануу түшүп, алардын 17си талапкерлер тарабынан келди:

- Арыз-даттанууларды шайлоочуларды шайлоо участокторуна автоунаалар менен жеткирүү, байкоочуларга тоскоолдук жасоо, маркировканы пайдалануу эрежесин бузуу, шайлоочулар өз укуктарын толук пайдалана албагандыгы өңдүү критерийлерге бөлсө болот.

Болот Малабаевдин айтымында, арыз-даттануулардын басымдуу бөлүгү далилденген жок, шайлоо маданияттуу өттү деп билдирди жумушчу топтун төрагасы.

Жалпысынан шайлоо эл аралык жана улуттук мыйзамдардын талаптарына ылайык өткөндүгүн шайлоого көз салган байкоочулар да буга чейин билгизишкен. Алардын баамында, негизинен талапкерлерге кысым көрсөтүү, административдик ресурстарды пайдалануу, шайлоочулардын укуктарына доо кетирүү фактылары катталган эмес. Байкоочулардын катарында ЕККУнун байкоочулары да Кыргызстандагы президенттик шайлоого канагаттануусун жарыялоо менен бирге, шайлоочулардын добуш берүү деңгээлинин жогору болгондугуна, шайлоочулардын негизги тизмесинин парламенттик шайлоодогу тизмеден азайгандыгына күмөн саноосун билдиришкен.

Ал эми «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы добуш берүүнүн проценттик катышын жогорулатуу үчүн шайлоо участокторунда шайлоочулардын негизги тизмесин азайтуу фактылары бар экенин белгилеген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG