Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

“ЭРКИН ТООНУН” КАБАРЧЫСЫНА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ


Кубанычбек Жолдошев, Ош “Эркин тоо” гезитинин түштүк аймагы боюнча өз кабарчысы Ризван Исмаилова зөөкүрчүлүк жасаган деген кылмыш иши менен айыпталууда. 13-июль күнү “АКИ-пресс Фергана” маалымат агенттигинде Ризван Исмаилова Ош технологиялык университетинин айрым жетекчилери сын макала жазылгандыгы үчүн куугунтукка алышып, жергиликтүү милиция жасалма түрдө кылмыш ишин ачты деген билдирүү таратты. Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын тергөө иштери боюнча орунбасары Медербек Бердибаев журналист Исмаилованын жүйөлөрү негизсиз деген баа берди.

Журналист Ризван Исмаилова “Эркин тоо” гезитинин 22-апрелдеги санына Ош технологиялык университетиндеги коррупциялык иштер жөнүндө макала жарыялангандыгын жана анын арты менен жогоруда аталган окуу жайдын айрым жетекчилеринин куугунтуктоосуна кабылгандыгын билдирди. Ризван Исмаилованын айтымында, окуу жайдагы айрым адамдардын буюртмасы менен шаардык милиция жасалма түрдө ага карата зөөкүрчүлүк жасаган деген негиз менен кылмыш ишин ачкан:

- Эгерде мен Сатарова Азизага 5 миң сом деп Ош ТУУнун казнасына келтирген материалдык чыгымды жазбаганда булар мынчалык көтөрүлбөшү керек эле. Ушул негиз болуп атат. Мен журналист катары аны жазышым керек болчу.

Журналист Ризван Исмаилова Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси боюнча жогоруда аталган окуу жайдын кафедра башчысы Азиза Сатарованы зөөкүрчүлүк менен урган деп айыпталууда. Ал мындай айыптоо үчүн тиешелүү күбөлөр жана далил заттар болбогондугуна карабастан жасалма медициналык текшерүүнүн жыйынтыктарынын негизинде гана кылмыш иши козголду деген пикирин билдирди:

- Кайрадан комиссиялык мед.экспертиза түзүүгө тергөөчү өзү баш болуп каршы болуп атат. Менин укугум бар, эмне үчүн эле бир кишини урбасаң, эч кандай кол тийбесе эле ал мээси чайкалган деген документ алып алышы керек. Аны текшере турган алардын акыркы корутуну болуп калыптыр. Эмне үчүн жогоркулар республикалык, облустук сот экспертизага кайрылууга мага жолтоо болушат.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын тергөө иштери боюнча орунбасары Медербек Бердибаев журналист Ризван Исмаилованын аракетинде кылмыштын курамы бар экендиги аныкталгандан кийин гана кылмыш иши козголгон деди. Анын пикиринде, кылмыш ишинин ачылышын аталган журналисттин кесиптик ишине байланыштырууга болбойт:

- Кылмыштын составы бар деп далилденген үчүн айыбы угузулат. Кылмыш-жаза кодексинин 234-статьясынын азыркы мезгилде үчүнчү бөлүмү менен айып угузулуп жатат.

Ал эми журналисттердин укугун коргоо коомдук бирикмесинин кызматкери Эркин Байназаров кийинки мезгилде коррупциялык иш аракеттердин бетин ачып жазып жаткан журналисттердин өздөрүнө чалым ыргытылып жаткан учурлар байкалып жаткандыгын белгиледи:

- Мына азыркы Ризван Исмаилова менен Ош технологиялык университетинде болуп өткөн окуя ошонун бир көрүнүшү деп эсептейм. Болбогон нерсени болду деп, күбөлөрдү топтоп туруп, прессанын кызматкерине ушундай жалган сөздөрдү айтышы бул жерде коррупциянын бардыгын көрсөтүп атат.
XS
SM
MD
LG