Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

ТЫРМАКТАЙ КАРЫЗ КЕЧИЛИП, ТООДОЙ АКЧА БААРЫ БИР КАЙТАРЫЛАТ


Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард долларга жакын акчаны түзөт. Эски-жаңы өкмөттөрдүн баш оорусуна айланган маселе быйыл Париж клубунун сентябрь айында өтүүчү кезектеги жыйынында чечилмекчи. Түйүндүү проблема оңуна көчсө жаңы өкмөт кыйла жыл карыз акчаны кайтаруу жагынан жеңилдикке ээ болот. Бюджеттин кыйла бөлүгүн эңшерип кетчү акчалар өлкөнүн ички социалдык-экономикалык өнүгүшүнө сарпталмакчы.

Быйыл жыл башында чуулгандуу парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгы чыгарылып, мурдагы бийлик ээлери үлкөн жеңишке удаалаш Париж клубуна мүчө өлкөлөр Кыргызстандын тышкы карызынын кыйласын кечип ийгендигин жарыя кылышкан. Саясий өнөктүккө туш келген экономикалык маселенин чоо-жайы 24-марттагы бийлик алмашуусунан кийин көбүрөөк айтыла баштады.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун айтымында, Париж клубуна мүчө өлкөлөр карыз акчаны кайтаруу мөөнөтүн артка жылдырып коюшканы деле Кыргызстан үчүн чоң огожо.

- 2 миллиард доллар карыз. Муну качан жоебуз? Муну неберелерибизге калтырып кетти го. Ошон үчүн бул инвестиция эмес.

Кош тараптуу, ар тараптуу, жеңилдетилген же андайы жок алынган карыздардын ичинен ушу тапта проблема жаратып атканы - Түркия менен Орусияга төлөнчү акчалар. Баш-аягы 75 миллион доллар Түркиядан алынган карыз акча негизинен булгаары иштетүү, эмерек чыгарчу ишканаларды, кыйладан бери эки тараптын талашына айланып келаткан «Аккеме-Пинара» мейманканасынын курулушуна, биртоп жабдууларды, автомашина, ветеринардык дары-дармектерди сатып алууга жумшалган.

Карыз акчанын кайтарымы кандай болуп атканы ушу тапта кыргызстандыктардын көпчүлүгүнө дайын. А бирок эртеби-кечпи Кыргызстан карыз акчаны кайтарышка мажбур. Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы эгемендик жылдардын алгачкы мезгилинде алынган техникалык кредиттер көбөйүп олтуруп, быйылкы жылга 182 миллион долларга жакын акчаны чапчып калган карызды деле Орусиянын жакын арада кечип ийиши кыйын.

Парламент депутаты Муратбек Мукашевдин ырасташынча, жакын арада Кыргызстандын тышкы карыздарды кайтарууга буямасы келбей туру.

- Бүгүнкү күндө геоэкономика боюнча Кыргызстан эң орчундуу жери – бул тышкы-ички карыздар болуп жатат. Эгер Париж клубу жанагы маселени чечпесе, такай жыл сайын биздин бюджет оор маселеге кабылганы кабылган. Бул чоң геосаясат болуп турат. Орустарда «майда пул – разменная монета» деген сөз бар. Бийлик менен тышкы карыздын соодасы ушул.

Быйыл март айында өткөн жыйынында Париж клубуна мүчө өлкөлөр Кыргызстандын тышкы карызынын бир бөлүгүн, тактап айтканда, 550 миллион доллар карыз акчаны кайтарууну кийинкиге жылдырууга макул болушкан. Айтса, ал акчанын 124 миллион доллары кечилген.

Кыргызстандын Каржы министрлигинин пресс-кызматынын жетекчиси Ольга Волосатыхтын айтымында, ошончо эле акчаны кайтарып берүү мөөнөтү 7 жылга, калганы 40 жылга артка жылдырылат.

- Карыз акчаларды кайтарууну кийинкиге жылдыра алсак, биз жылына 3,5 миллиард сом эмес, 1 миллиард 200 миллион сом гана тыш карызга төлөйбүз. Калган 2 миллиард 300 миллион сом акчаны элдин турмушун оңоого жумшайт элек. Бирок буга жетиш үчүн 1-сентябрга чейин кош тараптуу келишим шарты менен акча берген Париж клубуна мүчө 6 өлкө менен макулдашуу түзүүгө жетишүүбүз керек.

Кыргызстандын жаңы өкмөтү мурда кол коюлган келшимдерди аткара тургандыгын билдирип келатат. Өлкөдөгү саясий жаңылануунун барк-баасы үчүн эларалык жыйын экономикалык колдоо көрсөтөт деп расмий Бишкек Эларалык валюта коруна өзгөчө үмүт артып отурган чагы.
XS
SM
MD
LG