Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

УЛУТТУК БАНК АЧЫК ЭШИК КҮНҮН ӨТКӨРДҮ


13-июлда Улуттук банк ачык эшик күнүн өткөрүп, өзүнүн иши тууралуу маалымат берди. Анын соңунда банктын төрагасы Улан Сарбанов маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Улуттук банк уюштурган ачык эшиктер күнүндө өлкөнүн башкы банкынын ишинин уюштурулушу менен катар улуттук валюта сомду киргизүү, банкнотторду чыгаруунун тарыхы тууралуу да маалымат берилди. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановдун айтымында, жарым жылдын ичинде инфляциянын көлөмү 4.4 пайыз болду. Бул өткөн жылга салыштырмалуу жогору.

Инфляциянын көтөрүлүшүнүн себеби тууралуу Сарбанов буларды билдирди:

- Инфляция эмне себептен көтөрүлдү? Ага жашылча-жемиш, картошка, сабизге баанын дээрлик 77 пайызга көтөрүлүшү себеп болду. Азыр эми кайрадан баалар төмөндөөдө.

Ошондуктан быйылкы жыл ичинде инфляция көлөмү пландагыдай эле 4 пайыз тегерегинде болоорун божомолдоп турабыз, дейт Сарбанов. Бирок ал энергетика тармагын реформалоо жана айыл чарбасындагы түшүмгө жараша өзгөрүшү мүмкүн.

Улуттук банк 24-марттагы ыңкылаптан кийин улуттук валютанын курсун кармоо үчүн ички рынокко 9 миллион доллар саткан. Бул кайсы бир деңгээлде валюталык резервдин төмөндөөсүнө алып келди. Бирок финансы системасы туруктуу бойдон калды. Ошондуктан ал кездеги кадамыбыз туура болгон, деп белгиледи Сарбанов. Акыркы кезде болсо Улуттук банк кайрадан ички рыноктон 11 миллион доллар сатып алып, резервдин көлөмүн калыбына келтирди.

Чет өлкөдөн акыркы алты айда финансылык жардам келбеди деген каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровдун сөзүн ырастаган Улан Сарбанов, Эл аралык валюта кору менен кызматташуу маселесин мындайча баяндады:

- Экономикалык өсүш жана жакырчылыкты кыскартуу боюнча Эл аралык валюта кору менен түзүлгөн үч жылдык программа февраль айынын аягында бекитилген. Ал аткарылууда. Программа боюнча 10 миллион доллардын тегерегинде насыя берүү каралган. Бул өтө аз сумма. Мурдагы программа боюнча болсо 100 миллион доллардан ашуун каражат берилчү. Жаңы программа боюнча аз акча бөлүнгөнүнө карабай биз аны аткарууга тырышабыз. Анткени ал абдан керек нерсе.

Улуттук банктын башчысынын айтымында, жаңы бийлик түзүүгө аракеттенген “Айыл банкы” келерки жылдын биринчи жарымында түзүлүп калат. Анын быйылкы жыл ичинде түзүлбөй калышынын себеби катары Сарбанов, өкмөттүн курала электигин атады.

Улан Сарбановдун маалыматы боюнча, өлкөнүн соода балансында тескери сальдо өсүүдө. Маселен, беш ай ичинде экспорт 276 миллион доллар болсо, импорт 395 миллион доллардан ашып кеткен. Натыйжада тескери баланс 119 миллион долларды түзгөн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG