Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Өзбек бозгундарына сурак жүргүзүү улантылды


ЖАЛАЛАБАТ. Облустук прокуратура менен Улуттук коопсуздук жана ички иштер башкармалыктарынан беш адамдан турган тергөө тобу президенттик шайлоодон улам убактылуу токтотулган ишине кайра киришти. Алар өзбек бозгундарына Анжиян окуясына кантип күбө болуп калгандыгы, эмне себептен митингге чыккандыгы жөнүндө суроолорду беришти. Айрымдарынын кылмыштарын аныктоо иш чаралары жасалды. 13-июлда облустун прокурору Байтемир Ибраевден алынган маалыматка караганда, бозгундардын окуяга күбө катары сурак жүргүзүү өтүнүчү Өзбекстандын башкы прокуратурасынан келген. Бозгундардын көпчүлүгү жашоо турмуштун оордугунан, социалдык жеңилдиктер менен жумуштун жоктугунан Анжияндагы митингге чыгышкандыгын жана өзбек бийлиги бозгундарды террорист, вахабий, акрамий деп туура эмес айыптап жаткандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG