Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37

Кыргызстанда оппозиция жөнүндөгү мыйзам кабыл алынууга тийиш


БИШКЕК. Кыргызстанда президенттик шайлоодон кийин Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштала турган мыйзам долбоорлордун бири «Оппозиция жөнүндөгү» мыйзам болушу керек. Мындай мыйзам жыл аягына чейин, парламентке кошумча шайлоо өткөрүлгөнгө чейин кабыл алынууга тийиш. Мындай пикирин 13-июлда өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Феликс Кулов «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. Кулов белгилегендей, учурда парламенттин айрым депутаттары тарабынан «Оппозиция жөнүндөгү» мыйзам долбоору иштелүүдө. Ал эми мурдагы оппозициянын айрым өкүлдөрү оппозиция жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуунун зарылдыгы жок деген пикирде.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG