Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

ЛОНДОНДОГУ ЖАРДЫРУУЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРГАНДАРДЫН АТЫ-ЖӨНҮ ТАКТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Лондон полициясынын айтымында, шаарда 7-июлда бир нече жардырууну ишке ашыргандардын аты-жөнү такталды. Алар мүмкүн, кандуу окуялар учурунда өздөрү да курман болгон, бирок тергөө аягына чыга элек. Эгер божомолдор так болсо, жардырууларды - Британиянын өзүндө өсүп-тарбияланган жаш жигиттер уюштурган, алардын ата-энелери мурда Пакистандан көчүп келген.

7-июлда Лондондун метросунда үч жана көчөдөгү эки-кабаттуу автобуста дагы бир жарылуу болуп, элүүдөн ашык адам өмүрүнөн айрылып, дагы жүздөгөн киши жараат алды. Шаар көчөлөрүндө жана метро станцияларында видеокамералар көп, алар жазып алган маалыматтарды полиция текшерип чыгып, жардырууларга төрт жаш жигиттин тийешеси бар болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келди. Жарылуу болооруна жарым саат калганда, алар "Кингс кросс" деген станцияда жолугуп, кийин ар башка жакка тарап кеткен. Алардын үчөөнүн документтери жарылуулар болгон жерде табылды, бирок жигиттер өздөрү да башкалар менен кошо курман болгон-болбогону азырынча белгисиз.

Шектелген төрт жигиттин экөөнүн ысмын 13-июлда британиялык "Таймс" гезити жарыялады. Шезад Танвирдин ата-энеси Британияга илгери Пакистандан көчүп келген, соода менен жан багып, кийин Лидс шаарында дүкөн да ачкан жана үй-бүлөнүн менчик үйү менен эки "Мерседеси" бар болчу. Шезад университетте окуган жана спорттун тарыхына кызыкчу, өткөн аптада ал үйүнө келбей, телефонго да жооп бербей калгандыктан, ата-энеси полицияга кайрылган.

19-жашар Хасиб Хусейндин үй-бүлөсү дагы Пакистандан көчүп келген, алар Танвирлер менен да тааныш болчу. Хасибдин ата-энеси дагы полицияга кайрылып, уулу жоголуп кеткенин билдирген. Хасиб жана Шезаддын жолдошторунун айтымында, алар башка жаштардан эч айырмаланчу эмес, бирок мындан эки жыл мурда Хасиб ажылыкка барып келгенден кийин, жигиттер мусулманчылыкка берилип кеткен. Шезаддын агаларынын бири Мохамед Азфалдын айтымында, былтыр Шезад Пакистанга барып келген. Жардыруулар болгондон кийин дагы эки үй-бүлө полицияга кайрылып, уулдары жоголгонун билдирди.

12-июлда полиция Лидс жана Дюсбери шаарларындагы беш үйдө тинтүү өткөрдү, алардын биринде бомбалар колго жасалган сыяктуу. Эгер полициянын жоромолдору такталса, террор аракеттерин сырттан келген экстремисттер эмес, Британиянын өзүндө туулуп, оокаттуу үй-бүлөлөрдө тарбияланган жаштар ишке ашырган жана бул факт - террорчулук жаңы деңгээлге чыкканын көрсөтөт.

Эл аралык террорчулук дал ушул багытта өнүгүп келе жатканы тууралуу алгач Италиянын полициясы мындан үч жыл мурда билдирген. Италияда туулуп-өскөн мусулман жаштары батыш турмушун чанып, Ооганстан менен Иракка кетип, ал жерде америкалык аскерлерге каршы согушка катышканы ошондо эле италиялык эксперттерди тычсыздандыра баштаган.

Анткен менен коопсуздук маселелери боюнча лондондук эксперт Криспин Блэктин пикиринде, сырткы таасир сөзсүз болгон:

- Бул жаш жигиттер Лондондо жанкечтилик террорчулукка өздөрүнөн өзү эле кайрылганына мен ишенбейм. Аларга бомба жасаган адам сөзсүз көмөктөшкөн жана андан тышкары, кимдир бирөө аларды башкарган жана көзөмөлдөгөн.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, былтыр 11-мартта Мадридде ишке ашырылган жардыруулар сыяктуу, Лондондогу террор аракеттерине дагы Түндүк Африкада жайгашкан террордук уюмдардын тийешеси болушу мүмкүн, бирок эң негизгиси - Лондондогу жардырууларды өлкөнүн өзүндө туулуп-өскөн адамдар жасаганында. Мындай террорчулукка каршы - чек арадагы коопсуздукту катуулантуу же келгиндерге каршы көзөмөлдү күчөтүү аркылуу күрөшүү мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG