Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Америкалык “Дискавери” космос кемеси бүгүн учурулат


АКШнын космос агенттиги –НАСАнын өкүлү Уэйн Хейл майда-барат айрым бир мүчүлүшүктөр табылып, алардын баары чечилгенин, “Дискавери” бардык жактан шайма-шай абалга келтирилгенин жана белгиленген мөөнөттө учурула турганын билдирди. Бул - 2003-жылдын 1-февралында "Колумбия" кемеси коноор алдында кыйрап, жети астронавт каза тапкандан бери америкалык кеменин космоско алгачкы учуусу. "Дискавери" кемесинин экипажы да жети адамдан турат. Он эки күнгө эсептелген учуунун аралыгында кеменин Эл аралык космос станциясы менен да тогошуусу белгиленген.

Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Улан Эшматов даярдады

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG