Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

Британ өкмөтү Евробиримдикти террорго каршы шашылыш чараларды көрүүгө чакырууда


Британ өкмөтү террорчулукка каршы күрөшүү үчүн тезинен жаңы чараларды көрөт. Премьер-министр Тони Блэрдин бүгүн өлкө парламентинде билдиргенине караганда, атап айтканда жек көрүү маанайын козуткандарды Британиядан депортациялоо боюнча эрежелер жеңилдетилет.

Ал эми өлкөнүн ички иштер министри Чарльз Кларк бүгүн Европарламенттин Атуулдук укуктар боюнча комитетинде сүйлөгөн учурунда, террор коркунучусуз жашоо да адам укугу катары таанылыш керектигин белгиледи:

- Лондондун метросун жарылып кетүү коркунучусуз колдонуу - адамдын биз сактоого милдетүү болгон калган баардык укуктарындай эле - өтө маанилүү укук.

Британ ички иштер министри кошумчалагандай, өткөн аптада Лондондо болгон жардыруулар узак убакытка эсептелген антитеррордук чараларды тезинен көрүүнүн зарылдыгын көргөздү. Лондондун демилгеси менен бүгүн Брюсселде уюмга мүчө өлкөлөрдүн юстиция жана ички иштер министрлеринин жыйыны өтүп, анда антитеррордук мыйзамдарды киргизүүнү тездетүүнүн жолдору талкууланды. Британиянын сунуштарынын бири Евробиримдикте телефон жана интернет кызматын көргөзгөн компанияларды бардык байланыштар жөнүндөгү маалыматтарды сактоого милденттендирүүнү карайт.

Британ басма сөзү келтирген маалыматтарга караганда, өткөн аптадагы төрт жардыруу тең жанкечтилердин иши жана аларды жасагандар Британияда төрөлгөн, бирок теги пакистандык жаштар. Ички иштер министри Чарльз Кларктын айтымында, азыр ошол жардырууну жасагандар менен байланышта тургандар изделип жатат.

XS
SM
MD
LG