Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:49

БААТЫР ЖУМАШ АСАНАЛИЕВГЕ МИНСКИДЕ ЭСТЕЛИК ТУРГУЗУЛДУ


Кыргызстандын тарыхында чет өлкөдө биринчи жолу кыргызга эстелик коюлду. Советтер Союзунун баатыры Жумаш Асаналиев Белорусияда кан күйгөн Улуу Ата Мекендик согуш убагында салгылашкан. Эми анын жаркын элесине Минскиде эстелик тургузулду.

Алгач Жумаш Асаналиев тууралуу учкай эскере кетели. Ал Аксуу районунун Отузуул айылында 1923- жылы туулган. 1942- жылы аскерге чакырылып, кан майданга кирген. Ал 1-Балтика фронтунун 6-гвардиялык армиянын 67- гвардиялык аткычтар дивизиясынын 199-полкунун пулемотчусу болгон. 1944- жылдын 24- июнунда Белорусиянын Батыш Двина дарыясы аркылуу Лабейка айылынын тушунда пулемоту менен гитлерчилердин контрчабуулунун мизин кайтарган.

Жумаш Асаналиевдин согуш учурундагы эрдиги тууралуу өлкөнүн согуш ардагерлери кошунунун төрагасынын орун басары Үсөн Кийизбаев мындай деп эскерди:

- Станоктуу пулемотунун огу түгөнүп, Жумаш Асаналиев жалгыз курчоодо калган. Фашисттер жакын келгенде акыркы гарнатасын жардырып, аларды да өзүн да курман кылган. Жумаш Асаналиевдин бул эрдиги өлгөндөн кийин “Советтер Союзунун баатыры” деген ардак наам менен бааланган. Аксуу районундагы Отузуул айылында ага бюст орнотулуп, мектепке ысымы ыйгарылган. Белорусиянын Витебск облусунун Лабейка айылында эстелик белги коюлуп, Минск шаарында бир көчөгө аты берилген. Эми бөтөн эл болсо да кыргыздын уулу Жумаш Асаналиевге баатыр деп барктап, эстелик тургузган белорустарга ырахмат.

Белорусиянын президенти Александр Лукашенкого Кыргызстандын Белорусиядагы элчиси Рысбек Качыкеев кайрылып, Минск шаарындагы Жумаш Асаналиев атындагы көчөгө эстелигин орнотуу демилгеси колдоого алынган. Кыргыз өкмөтүнүн тапшыруусу менен Жумаш Асаналиевдин эстелигин жасоого Ысыккөл облусттук администрациясы каражат бөлгөн.

Учурунда Түгөлбай Сыдыкбековдун, Кусейин Карасаевдин, Таттыбүбү Турсунбаеванын эстеликтерин жасаган Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгынын ээси, белгилүү бедисчи Таир Медеров баатырдын айкели кандайча жасаганын айтып берди:

- Убакыт өтө чукул болдуп калды. Эстеликти бир жарым айдын ичинде жасап бүттүк. Согуштун баатыры Жумаш Асаналиевдин бир эле сүрөтү калыптыр. 19- 20 жашындагы ошол сүрөтүнүн негизинде бир жарым метрден ашык бюсттун жезден жасадым. Мындай баатырыбызды белорустар эле ардактабай, өзүбүздүн борбордо же Караколдо ага эстелик тургузуубуз керек деп ойлойм. Бул демилгени сүрөтчүлөр, бедисчилер да терең изилдеп көрүшөөр...

Эстеликтин гранит пайдубалына жана архитектордук-пландоо жумуштары үчүн Минск шаарынын мэриясы 213 миң доллардык долбоорду каржылаган. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 60 жылдыгына карата курулган Жумаш Асаналиевдин эстелигинин ачылыш аземи Белорусиянын эгемендүүлүк майрамына туш болду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG