Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

БОЗГУНДАРГА СУРАК ЖҮРГҮЗҮҮ УЛАНТЫЛДЫ


13-июлда Жалалабат облусунда баш калкалап жүргөн өзбек бозгундарын Анжиян окуясынын күбөсү жана айрымдарынын кылмышы бар, же жок экендигин аныктоо максатында бозгундарды сурак жүргүзүү иши улантылды. Бул иш чара Өзбек Республикасынын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү боюнча жасалууда. Бозгундар Өзбекстандын прокуратурасы айыптагандай террорист же экстремист эмес экендиктерин айтып жатышат.

Өзбек Республикасынын Башкы прокуратурасы бозгундардын Анжиян козголоңунун күбөсү жана катышуучусу катары сурап-билүүнү өтүнгөн. Ушул максатта облустук прокуратура менен улуттук коопсуздук жана ички иштер башкармалыктарынын тергөө тобу президенттик шайлоодон мурда баштаган ишине кайра киришти:

- Өзбекстандын прокуратурасынын өтүнүчү менен тергөө аракеттерин жүргүзүп атабыз. Тергөө аракет деген 426 качкын адамдын бардыгы күбө катары сурак бериши керек. Алар Анжиян окуясында күбө болгон соң жөндөн-жөн качып келбесе керек. Алар көргөн, билгендерин айтып бериши керек, - деди ал жөнүндө облус прокурору Байтемир Ибраев.

Бозгундардын пикиринде Өзбекстандын прокуратурасы айыптаган кылмыштарга алардын тиешелери жок:

- Мен куруучумун, көпчүлүк балдар ишкер. Ушуларга «Акрамий» деген жалган жалааларды тагышты, - деди атын атабоону өтүнгөн бозгун.

Анжияндагы коогалаңда уулунан айрылган Хасият атту бозгун аял сурак жүргүзүүгө каршы болду:

– Эмнеге сурак кылышат? Биздин эмне айыбыбыз бар? Мисалы мен кары аял, же тиги көөдөк бала террористпи? Же Кыргызстанга жетип келгиче буту тилинген мени көтөрүп келишкен тиги балдар террористпи?

Тууганын алып кетүүгө келген Анжияндык кишинин оюнда бозгундардын тынчсыздануусу жүйөөсүз:

- «Митингди көргөнү барып, чогулган адамдардын арасына адашып кирип кеткендер бар» деп мамлекет айтып жатат. Азыр Анжиянда абал тынч, бейкапар үйүнө кайта берсе болот. Бизге кошуна Пазылжан деген бала барды, ага бирөө бирдеме деген жок. “Kамайт» деген болбогон сөз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG