Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

13-июлда Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн колбашчысы Владимир Михайлов Кант шаарында жайгашкан орус авиабазасына кошумча аскер киргизилээрин билдирди. Кыргызстандын айрым саясатчылары чет элдик аскер күчтөрүн Кыргызстанда жайгаштыруунун кажети жок дешсе, кээ бирөөлөрү анын зарыл экендигин айтышууда.

2003-жылы 22-сентябрда Москвада Кыргызстандын «Кант» аба майданына Орусиянын аскер-аба күчтөрүн жайгаштыруу тууралуу келишимге Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов жана экс-министр Эсен Топоев кол коюшкан.

Ушул эле жылы 10-октябрда Орусиянын аскердик базасы «Кант» аба майданына Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунда кабыл алынган документтерге ылайык жайгаштырылган. 23-октябрда анын ачылышына Кыргызстандын мурдакы президенти Аскар Акаев жана Орусиянын президенти Владимир Путин катышкан. Тез аракеттенүүчү жамааттык күчтөрдүн компоненти катары жайгашкан бул аскерий күчтөр Борборазия аймагынын коопсуздугун камсыз кылуу багытында түзүлгөн. Авиабазада СУ-27, СУ-25 үлгүсүндөгү бир катар аскерий учактар жана Орусиянын 500 жоокери бар.

Үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргызстандын аймагындагы Орусиянын авиабазасынын жайгашуусу тууралуу келишимди ратификациялаган. Жогорку палатанын КМШ иштери боюнча комитеттин төрага орун басары Андрей Ищуктун билдиргенине караганда, Канттагы Орусия авиабазасынын жайгаштырылышы тууралуу кол коюлган келишим 15 жылга чейин күчүн жоготпойт жана автоматтык түрдө 5 жылга узартылат. Эгерде кайсыдыр бир тарап аталган келишимде каралган иш чараны токтотууну кааласа 6 ай мурда кат түрүндө кайрылышы керек.

Ал эми шаршембиде Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн колбашчысы Владимир Михайлов Кант шаарында жайгашкан Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнө кошумча аскер киргизүү тууралуу Федерациялар Кеңешинде билдирген. Анын мындай пикирине Кыргызстандагы айрым саясатчылар бул аскерий иш чара эки тараптуу пайдалуу дешсе, кээ бирөөлөрү макул эмес.

Саясат таануу илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков эки тараптуу аскерий келишим мамлекеттик деңгээлде чечилилиши керек деген оюн айтты.

- Мындай маселе мамлекеттик деңгээлде чечилет. Канча контингент, канча жоокер, канча аскерий техника болушу керек, бул мамлекеттер аралык келишимге ылайык болот.

Ал эми белггилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдыразаков чет элдик аскерлерди өлкө аймагында жайгаштыруу боюнча Жогорку Кеңештен өзүнчө мыйзам алуу керек деген пикирде.

- Чет өлкөлүк аскерлдердин биздин өлкөдө турушу жөнүндө, керек болсо биздин аскерлердин башка жакка барып жайгаштырылышы жөнүндө бизде туруктуу мыйзам жок болуп жатпайбы. Эл аралык тажрыйба боюнча ар бир өлкөдө бул тууралуу атайын мыйзам болушу зарыл.

Ишенбай Абдыразаковдун айтымында, эгерде өлкө аймагында кандайдыр бир аскер күчтөрү жайгаша турган болсо анын себептерин, максатын коомчулук билүүсү керек. Мындай маселени бир ууч бийлик башындагылар мыйзамдын чегинде эмес, кандайдыр бир макулдашуулар менен чечүүсү мыйзамга жатпайт.

Ал эми Коргоо министрлигинин басмасөз кызматынын жетекчиси Мурат Ашырбековдун айтымында, Кыргызстандын аймагындагы Орусиянын авиабазасы Жамааттык коопсуздук келишим уюму кабыл алынган документтерге ылайык жайгаштырылган. Авиабазанын курамын көбөйтүү тууралуу маселе Орусия тарабынан бир жылдан бери көтөрүлүп келатат. Эгерде анын курамы дагы эки эсеге көбөйтүлө турган болсо, Кыргызстан менен Орусия ЖККУ алкагында кошумча келишим түзүүсү зарыл.

“Эркиндик” саясий партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев келечекте Кыргызстандын аймагында чет элдик аскерий базаларды жайгаштырууга каршы.

- Мен “Эркиндик” партиясынын жетекчиси катары Кыргызстанда мындан ары башка мамлекеттердин аскердик базалардын ого бетер күчөшүнө каршымын. Биздин партиянын программасы боюнча. Кыргызстан аскердик-саясий уюмдарга мүчө болбой, калыс мамлекетке айланышы керек.
XS
SM
MD
LG