Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Канттагы аскер кызматчыларын көбөйтүү үчүн жаңы келишим керек


БИШКЕК. Кыргызстандагы Кант аскерий-аба майданында жайгашкан орусиялык аскер кызматчылардын санын эки эсе көбөйтүү болжолдонууда. Бул тууралуу Орусиянын аскерий-аба күчтөрүнүн башкы командачысы Владимир Михайловго шилтеме берип, орусиялык маалымат каражаттары жазды. Маселе көтөрүлүп, талкууланып жаткандыгын 14-июлда Кыргызстандын коргоо министринин маалымат кызматы да тастыктады. Бирок аскер кызматчыларынын санын көбөйтүү үчүн эки өлкө ортосунда жаңы келишим түзүү зарыл деп билдиришти маалымат кызматынан. Канттагы аба аскерий база Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тармагы катары 2003-жылы 23-октябрда расмий ачылган. Буга байланыштуу түзүлгөн келишимди Кыргызстан парламенти өткөн жылы ратификациялаган. Ал эми Орусия парламенти ушул аптада ратификациялады. Келишимге ылайык, Кант аба-аскерий базасында орусиялык 500 аскер кызматкери кызмат өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG