Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Жаңы президент өкмөт мүчөлөрүн саясаттан алыс болууга чакырды


БИШКЕК. Курманбек Бакиев президенттик шайлоодон кийинки алгачкы жумушчу жыйынын түшүм жыйноого, айыл чарбасын күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоого жана кышка даярдыкка байланышкан маселеге байланыштуу өткөрдү. Жаңы шайланган президент Бакиев бул жыйында вице-премьер министрлерди, министрлерди жана тармак жетекчилерин келерки президенттик, парламенттик шайлоого чейин бардык саясий иштерди жыйыштырып, чарбалык иштерге көңүл бурууга чакырды:

- Саясатты жыйыштыралы. Мына эл ишеничти көрсөттү. Үмүт меен күтүп отурат азыр аткаруу бийлигинен. Эмне кылат экен, кандай кылат экен, ушулардын колунан эмне келет экен, ушулардын колунан келер бекен деп. Мына ишеничти эми көрсөтөлү, колубуздан келсе. Анан айтып коеюн, аткаруу бийлигинде иштегендерге, ким өз ишин так аткара албай, жалкоолук кылып, ар кандай тартип бузуп, тигиндей-мындай кыла тургандар менен биз иштеше албайбыз. Тартип абдан катуу болот.

Жумушчу жыйынга биринчи вице-премьер-министрлердин милдетин аткаруучу Феликс Кулов, Медетбек Керимкулов, вице-премьер-министрлер Данияр Үсөнов, Адахан Мадумаров, Ишенгүл Болжурова катышты.

XS
SM
MD
LG