Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:58

КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН: МАМИЛЕ ӨЗГӨРӨБҮ?


Айымкыз, Ташкен Ошентип Кыргызстанда жаңы президент бийликке келди. Мындан ары бул өлкөнүн ички жана тышкы саясаты, кошуна мамлекеттер менен алакаларында кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Ташкендеги кабарчыбыз өзбекстандык саясатчылардын ушул өңүттөгү пикирлерин сурамжылаган.

Саясатчы Камрон Алиевдин оюнча, Кыргызстан жаңы президентин шайлап алгандан кийин анын тегерегиндеги мамлекеттер менен алакасында олуттуу өзгөрүүлөрдү күтүүгө болбойт. Мурдакы президент Аскар Акаевдин учурунда түзүлгөн алакалар нормасы мындан кийин да ошол нукта улана берет:

- Бакиев мүнөзү жагынан катуу кол, кеп-сөздөрү кескин киши. Ошондуктан, ал тарабынан алып барылчу саясат да катуураак көрүнүшү мүмкүн. Кыргызстандын Орусия, Казакстан менен алакалары жакшырып бара берет. Ал Өзбекстан менен алакалар алгач кандай кескин болсо, мындан кийин да ошол кескиндиги боюнча кала берет. Себеби, проблемалардын түпкү мааниси чечилген эмес. Мисалы, Сырдарыя сууларынан пайдалануу, Токтогул суу сактагычын иштетүү маселелери, Шаймардан, белгилүү мааниде чек ара маселеси, качкындардын Өзбекстанга кайтарылбагандыгы мындан дарек берет.

Маектешибиз Курманбек Бакиевдин Борбор Азиядан америкалык аскердик базаны чыгаруу жөнүндөгү билдирүүгө кол койгондугун Бакиев тарабынан шашылыш ишке ашырылган шайлоо алдында мажбурдук түрдөгү бир чегинүү катары баалады:

- Батыш менен мамилени бузуу Кыргызстан үчүн чоң материалдык жоготууга жана мамлекетте Орусия менен Кытайдын позициясынын мындан да күчөйүшүнө алып келет, ошондуктан мындан ары ал батыш өлкөлөрү менен мамилесин оңдоого аракет жасайт.

Дагы бир саясатчы Камолиддин Рабимов учурда Кыргызстанды Борбордук Азиядагы геосаясий, экономикалык карама-каршылыктар курчап алган мамлекет деп айтууга болот деген пикирин билдирди:

- Геосаясий жагынан алып карасак, Кыргызстанда АКШ нын да, Орусиянын да аскердик базалары бар жана алардын ортосундагы аралык өтө кыска. Экинчиден, Кыргызстан Кытай менен чек аралаш, ал экономикалык жагынан Орусия менен тыгыз байланыштуу. Үчүнчү жагынан, Кыргызстан ушул кезге чейин Борбордук Азиядагы “демократия аралчасы” деп жарыялагандыктан дайыма батыш мамлекеттеринен, анын ичинде Америкадан да миллиондоп материалдык жардам каражатын алып келди. Ошол каражаттардын негизги талабы - Кыргызстанда демократиялык-либерал укуктук мамлекет түзүү. Кыргызстандагы азыркы абалды туруктуу деп айтууга өтө эрте. Тышкы саясатта Москвага ориентир алуу менен бирге Кыргызстан өкмөтү Москва жана Вашингтон ортосунда баланс сактоого аракет жасайт. Ал эми ички саясатында демократиянын жолу менен барат.

Өзбекстан демократиялык демилгечилер борборунун жетекчиси Искандар Кудайберганов Кыргызстанда демократиялык коом курулушуна ишенем. Бирок Кыргызстанда өкмөт башына ким келишине карабастан, Кыргызстан менен Өзбекстандын алакалары жакшы болушуна көзүм жетпейт дейт:

- Анткени, биз, эгер мамлекетте кандайдыр бир көңүлсүздүктөр боло турган болсо, муну кошуна мамлекеттерден, тышкы күчтөн көрүүгө, аларды айыптоого үйрөнүп калдык.

Көз карандысыз саясатчы Ташпулат Йулдашевдин айтышына караганда, жаңы жетекчилик элдин ишенимин актоо менен бирге элдин ишенимине ээ болушу керек. Азырынча буга толук мүмкүнчүлүк бар:

- Роза Отунбаева көптү көргөн, тажрыйбалуу дипломат. Анын жардамы менен Кыргызстан геосаясий-аймактык маселелерди чече алат. Кыргызстан учурда эки оттун ортосунда калып отурат. Бир жагынан Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттер, экинчи жагынан Америка жана башка батыш өлкөлөрү. Менин оюмча, Кыргызстан кошуна мамлекеттер менен алакада да, батыш өлкөлөрү менен болгон алакасында да тепе-теңдик позициясын кармашы керек.
XS
SM
MD
LG