Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

БУУ АНЖИЯН ОКУЯСЫ БОЮНЧА ДОКЛАДЫН ЖАРЫЯЛАДЫ


Төрөкул Дооров, Прага Бириккен Улуттар уюму ушул жылдын май айында Анжиянда болгон кандуу окуялар жөнүндө шейшембиде докладын жарыялады. Анда жазылгандай, окуяга күбө болгондор 13-14-майдагы окуяларда адам укуктарынын одоно бузулушуна Өзбекстандын коопсуздук күчтөрүнүн тиешеси бар экенин айтышты.

Шейшембиде Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комиссары Луиза Арбур “Анжиян окуяларына күбө болгондор аны “массалык кыргын” деп аташты” деди. Арбур айымдын билдирүүсүндө айтылгандай, адамдарды массалык кыргынга дал ушул өзбек коопсуздук күчтөрү алышкан деген шекти азыр четке кагууга болбойт. Анткени Кыргызстандан башпаанек табууга аракет кылгандардын айткандары бул версиянын өтө эле чындыкка жакын экенин көрсөтүп жатат.

Анткен менен Арбур айымдын өкүлү Жозе Диастын айтымында, Улуттар уюму бул окуяларга өзбек бийликтери түздөн-түз байланышта экенин далилдей албайт. Анткени Анжиянда эларалык иликтөө жүргүзүүгө өзбек президенти каршы чыкты.

- Бизде азыр окуянын бир гана өңүтү бар. Ал Кыргызстанга качып кеткен өзбекстандыктар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде түзүлдү. Козголоң учурунда эмне болгонун толук билүү үчүн биз анын экинчи өңүтү менен да таанышууга муктажбыз. Менимче, биз Анжиянга барып, көз карандысыз иликтөө жүргүзүү укугун алышыбыз зарыл.

Уюмдун Адам укуктары боюнча комиссариаты эларалык эксперттердин ал жерде эркин жүрүүсү камсыздалышы лаазым дейт. Андан сырткары, баардык маанилүү жерлер менен документтерди карап чыгууга эксперттер мүмкүнчүлүк алышы керек.

Докладда, ошондой эле, Өзбекстанга коңшулаш өлкөлөр өзбек атуулдарын мекенине кайтарып берүүнү токтотуулары зарыл экени белгиленген. “Анткени Өзбекстанда алардын өмүрүнө коркунуч чоң” делет документте.

Улуттар уюмунун доклады Өзбекстанга бир катар чет элдик дипломаттар барып, ахыбал менен таанышкандан кийин эки күндөн соң жарыяланды.

XS
SM
MD
LG