Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

“Ал-Кайида” Багдадда кечээ болгон жардырууга тиешеси жоктугун билдирди


Жан кечтинин кол салуусунан 27 киши өмүрүнөн ажыраган. Алардын көпчүлүгү балдар. Исламчылардын веб-баракчасында жарык көргөн катта “ал-Кайида” Алланын душмандарын жана алардын жолдоочуларын бутага алат” деп жазылган. Ушул эле күнү АКШ армиясы египеттик дипломаттын уурдалып, киши колдуу болушуна тиешеси бар деп шектелген “ал-Кайиданын” мүчөсү кармалды деп билдирди.

Эртең менен болсо Багдаддын катуу кайтарылган Жашыл зонасынын кире беришинде эки жан кечти биринин артынан бири бомбаларын жардырышты. Азырынча бир киши набыт болгону маалымдалууда. Бир нече киши жаракат алды.

Анын аралыгында, Ирактын 300гө жакын суни лидерлери өлкөдөгү суни мусулмандарга кайрылып, декабарга белгиленген добуш берүүгө катышууга үндөштү. Сунилердин көбү январда болгон шайлоону бойкоттоп, алардын бир катар өкүлдөрү парламентке өтпөй калган. Динаятчы Шейх Ибрагим ал-Нима шайлоого катышуудан баш тартуу чоң жаңылыштык болгон деп мойнуна алды. 27 миллиондуу Ирак калкынын бирден беш бөлүгүн сунилер түзөт. Алар Саддам Хусейндин учурунда саясий үстөмдүк кылып келген.

Конституциянын долбоору түзүлүп бүтпөсө, референдум декабрдан ары жылдырылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG