Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

О, КОНСТИТУЦИЯ, КОНСТИТУЦИЯ…


Апта соңундагы кыргыз басылмаларында президенттик шайлоонун жыйынтыктары, парламент тагдыры, жаңы бийликтин мындан ары жасай турган иштери тууралуу пикир, ой жүгүртүү, божомол-жоромолдор басымдуулук кылат. Шайлоодон кийин бийликтин жогорку тепкичинде кызмат бөлүшмөй оюну башталууда.

«Той болот, тойдун эртеси да болот» демекчи, көптөн күткөн президенттик шайлоо да өттү. «Эми 14-15 жыл ичинде акыйкаттыкка муктаж болгон элдин талабы орундалабы же жокпу, ал жаңы бийликтин абийиринде», деп жазат жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде Жыпара Жээналиева. Автордун ырасташынча, жаңы өкмөттүн башына келчү Ф.Кулов менен Д.Үсөновун, А.Мадумаровдун жылдызы келишпейт. Анткен менен азырынча Ф.Куловдун кимдер менен иштешери белгисиз, «бул жагы да саясатташып кеткенби, айтор эч кимге түшүнүксүз бойдон калууда», дейт макала автору.

Өлкөнү ыйманы таза, ишбилги реформатор жетекчилер башкаруусу зарыл экендиги ушул эле гезиттеги Топчубек Тургуналиевдин маегинде козголгон. Жаңы президент оболу элдик референдум аркылуу мамлекеттик жаңы система түзүү, конституциялык реформаны ишке ашыруусу абзел. Бул милдет күздө аткарылышы керек. «Кылмыш жасаган, казынаны тоногон акаевчилердин баарын тез арада бийликтен шыпырып, мамлекетти башкарууга ишбилги, чечкиндүү реформаторлорду алып келүү, бул Жогорку Кеңешти таратуу керек”, дейт Т.Тургуналиев.

Калк арасында «кошелок» деген ат менен белгилүү учурдагы парламент депутатына тиешелүү Түркиянын Анталия шаарындагы мейманканасы, айтылуу «Рентон групптун» жетекчиси Э.Пактын Бишкекке көрсөтмө берүү үчүн келгени, Ш.Жайсаңбаевдин адвокаты келип түшүндүрмө берип кеткени тууралуу маалыматтар топтомун жума күнкү «Бишкек таймс» гезити жарыялады.

Курманбек Бакиевдин тарапкерлери Жогорку Кеңешти таратуу демилгесин баштоого куштар, деп жазды бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезитинде журналист Данияр Каримов. Үсөн Сыдыковдун жанына топтолгон батыл саясатчылар болсо парламент спикерин кайрадан шайлоо аракетин жасап келатышат. Көпчүлүк саясатчылар жаңы парламенттин жакын арада таратылышы мүмкүн экендигин, чоң өзгөрүүлөр башбактап калганын айтышат, дейт Д.Каримов.

Президенттик шайлоодо эл А.Акаевге каршы, коррупцияга каршы добуш берди, деп жазат жума күнкү «Агым» гезитинде Алым Токтомушев. «Азыркы бийликтин жалгыз карманганы – коррупцияга каршы күрөш… Азырынча коррупция деп А.Акаев жана анын үй-бүлөсүн түшүнүп, аларды «кулакка» тартып ийсек эле башкы балакеттен кутулгандай болуп атабыз. Арийне, коррупцияны жараткан коомдук система. Ошол системаны өзгөртүш керек. Бирок азыркы бийликтин системаны өзгөртөйүн деген аракети байкалбайт. Анткени К.Бакиев тегерегине коррупцияга да, Акаевге да түз же кыйыр тиешеси бар эски карышкырларды топтоп алды», дейт макала автору.

Байманалуу өлкөлөрдүн калкы тынбаган мээнет, билим, акыл-эс эмгегинин аркасы менен байыгысы келет, бел оорутпай, кол жоорутпай тапкан арам акчаны жек көрөт. Бизде болсо улкуп-жулкуп өлүү дүйнөнү арбын жыйнаган дардаңпоздордун баркы көтөрүлүп, коом криминалдашып баратат, деп жазат Адил Турдукулов ушул эле гезиттеги макаласында.

Конституция нукура кыргыз тилинде жазылышы керек. Анткени ал өлкөнүн негизги мыйзамы, андагы ар бир сүйлөм, сөздүн мааниси так, укуктук жагынан кынтыксыз кынапталышы керек. Жума күнкү «Кыргыз туусу" гезитиндеги «Кыргызстандын эли – эгемендүүлүктүн ээси» деген макаласында Марат Кайыпов өлкөнүн Башмыйзамындагы биртоп так эместиктерге токтолгон.

Казакстан талааларында тамеки өстүрүп жүргөн кыргызстандыктардын абалы тууралуу жума күнкү «Аалам» гезитинде Назгүл Эсенбай кызынын «Тамеки таңгагы бизге керек эмеспи?» деген макаласында баяндаган.

Кыргызстандын азыркы турмушу үчүн өзгөчө курч дагы бир проблема - паспорт көйгөйү тууралуу бул иштин башында турган Ю.Лысогоровдун макаласы жума күнкү «МСН» гезитинде жарыяланды.
XS
SM
MD
LG