Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

Жалалбад облусундагы көп жылдардан бери иштебей турган стратегиялык мааниси бар ишканаларга чет элдик инвесторлор кызыгууда


ЖАЛАЛАБАТ. Ташкөмүр шаарындагы жарым кремний чыгаруучу “Кристалл” мамлекеттик акционердик коому дүйнөдөгү баалуу затты чыгарууну баштады. Беш жыл мурда ишмердүүлүгүн токтоткон бул завод германиялык компания менен алдын ала түзүлгөн келишимге ылайык 2-3 айда 600 тонна жарым кремний иштеп чыгарууга милдеттенди. Дүйнөдөгү жарым кремний өндүрүүчү беш компаниянын экинчиси болгон германиялык компания жарым кремнийдин алгачкы партиясы сапаттуу чыгарылса “Кристалл” ишканасынын акцияларын толук сатып алууга жана жылына 5 миң тонна жарым кремний өндүрүүгө убада берген. Мындай маалымат облустук бийликтин өнөр жай жана экономика бөлүмүнөн алынды. Ташкөмүрдөгү курулуп жаткан ГЭСтердин ишине кызыккан орусиялык фирма шаарды таза суу менен камсыздоого 150 миң сом каражат бөлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG