Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Хавьер Солана Бакиевди куттуктады


БИШКЕК. Европа Биримдигинин баш катчысы, Биримдиктин тышкы саясат боюнча өкүлү Хавьер Солана Курманбек Бакиевди президенттик шайлоодо жеңишке жетишүүсү менен куттуктады. «Мен кыргыз элин жана сизди президенттик шайлоону ийгиликтүү өтүшү менен куттуктаймын. Шайлоо тынч жана ишеним туудурган шартта өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы да шек туудурбайт. Европа Биримдигинин атынан, Кыргыз Республикасы менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенибизди белгилегим келет» деп айтылган куттуктоодо. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан 15-июлда кабарлашты.

XS
SM
MD
LG