Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Кыйноолорго каршы уюм Өзбекстанга каршы


БИШКЕК. Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюм жана Европадагы бөлүмү Өзбекстан менен Европа Биримдигинин кызматташуу тууралуу макулдашуусун токтотуу тууралуу чакырык менен Европа Кеңешине кайрылды. Кайрылууда Анжиян окуясын иликтөөгө эл аралык уюмдардын киргизилбешине терең тынчсыздануу билдирилген. Өзбекстан «террорго каршы күрөш» ураанына жамынып, адам укугун бузууну улантууда. Эгерде Кыргызстандагы качкындар Ташкентке өткөрүлүп берилсе, анда аларды кыйноо күтүп турушу ыктымал, деп белгиленген кайрылууда. Бул маалыматты 15-июлда Кыргызстан адам укугун коргоо комитети таратты.

XS
SM
MD
LG