Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Э. Пак: “Экс-президенттин үй-бүлөсүнүн тиешеси жок”


БИШКЕК. “Рентон групп” компаниясынын банкрот болушуна жана менин өлкөдөн качып кетишиме экс-президент Акаевдин үй-бүлөсүнүн тиешеси жок. Мындай билдирүүнү эки жылдан бери издөөдө жүргөн Эдуард Пак “АКИ- пресс” агенттигинде билдирди. Эдуард Пакка карата 2003-жылы алгачкы кылмыш иши ачылган. Ошондо ал Казакстанга качып кетип, бир аз убакыттан кийин кайтып келген. Экинчи кылмыш иши 2003-жылы август айында ачылып, эки миңдей аманатчынын 196 миллион сомун алдап алгандыгы жөнүндө кылмыш иши ачылганда Кыргызстандан качып кеткен. Эдуард Пактын айтымында, бул карызынан кутулуш үчүн өндүрүшүн кайрадан жандандырат, балким кыргыз өкмөтүнөн салык боюнча жеңилдиктерди сурайт. Рентонгрупптун аманатчыларынын бири Тамара Фесенконун пикиринде, аманатчылардын акчасын кайтаруу үчүн Эдуард Пак айткан эки жыл өтө узак мөөнөт.

XS
SM
MD
LG