Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:00

А. Айтикеев добуштарды бөлүштүрдү


БИШКЕК. Бул шайлоодо эл 88 пайыз добушту Курманбек Бакиевге гана эмес, Феликс Кулов, Данияр Үсөнов жана Азимбек Бекназаров үчүн да берди. Мындай пикирин президенттикке талапкер Акбараалы Айтикеев маалымат жыйынында билдирди. Анын пикиринде, бул президенттик шайлоодогу жогорку көрсөткүчтөр кыргызстандыктарды гана эмес, эл аралык коомчулукту да таң калтырды. Акбараалы Айтикеев “89 пайызга жакын добушту Түркмөнбашы да жасай алмак эмес” дейт. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы бул шайлоодо мыйзам бузуулар жана бурмалоолор болгон жок деп эсептейт. Президенттикке талапкер Акбараалы Айтикеев шайлоодо 3 пайыздан ашыгыраак добуш алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG