Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

ӨЗӨКТҮК КУРАЛДЫ ЖАЙЫЛТПОО МАСЕЛЕСИ ЧЕЧИЛЕБИ?


Нарын АЙЫП, Прага Америка Кошмо Штаттарынын Карнеги фонду жакында өзөктүк курал коркунучу боюнча жаңы китеп чыгарды. Анда келтирилген маалыматтарга караганда, кеңири кыруучу куралды жайылтпоо маселеси жакынкы жылдарда же толук чечилет, же дүйнөдө кайрадан жаңы куралдануу жарышы башталат.

Польшанын "Впрост" деп аталган журналынын акыркы санында - жакын арада "ал-Каида" террордук уюму өзөктүк же башка кеңири кыруучу куралга ээ болушу мүмкүн деп жазылат. Журналда - мурда АКШнын Федералдык тергөө бюросунда консультант болуп иштеген Пол Уильямска шилтеме жасалып, СССР учурунда советтик чалгынчылар тарабынан АКШ менен Британиянын аймагында химиялык жана биологиялык куралдын үлгүлөрү катылган деп айтылат. "Ал-Каиданын" адистери азыр ошол куралды табуу иштеринин үстүндө жана ал үчүн Орусиянын өзүнүн эксперттерин да жалдап алды. 1994-жылы Жаңы Зеландияга качып кеткен орус коопсуздук кызматынын жогорку адиси Александр Кузьминов дагы аны тастыктайт.

АКШнын Карнеги фонду болсо 12-июлда жаңы отчет жарыялады жана анын негизги авторлору Жозеф Сөринсионей менен Жон Волфсталдын айтымында, дүйнөдө бул маселе боюнча жакын арада ири өзгөрүүлөр болушу мүмкүн:

- Биздин оюбузча, азыр өтө опурталдуу абал түзүлдү. Келерки бир нече жылда тийиштүү чечимдер кабыл алынса, кеңири кыруучу куралды жайылтпоо багытында акыркы жыйырма жылда жетишилген прогресс же уланат жана өзөктүк куралга ээ болууга умтулган өзлкөлөрдүн саны кыскартылып, курал өзү азаят, же текскерисинче, маселе чечилбей калат дагы, андай куралдын дүйнөгө жайылуу боюнча жаңы кеңири толкуну башталат.

Мисал катары авторлор - үстүбүздөгү жылдын март айында Женева шаарында өткөн Бириккен Улуттардын конференциясын келтирет - бир айга уланган жыйында анын катышуучулары кеңири кыруучу куралды жайылтпоо маселеси боюнча эч чечим кабыл ала алган жок.

Ошол эле мезгилде, Сөринсионейдин айтымында, өзөктүк куралга ээ болууга улам жаңы өлкө умтулууда:

- Ирандагы өзөктүк программа өнүгүүдө. Түндүк Кореядагы программа өнүгүп баратат. Өзөктүк заттарды кайтаруу жана өзөктүк куралды чектөө ишинде биз акыркы мезгилде мурдагыга караганда алда канча алсыз болуп баратабыз. Куралды жайылтпоо тартибине ишенбөөчүлүк да пайда болууда.

Аны менен катар отчеттун дагы бир автору Жон Волфсталдын айтымында, мурда деле кыйынчылыктар болгон жана адамзат ал өтө коркунучтуу маселелерди чечкен:

- Мен толук пессимист эмесмин жана анын себеби - биз көп нерсеге жетиштик. Өзөктүк куралдан Түштүк Африка баш тартты. Дүйнөдөгү үчүнчү, төртүнчү жана алтынчы көлөмдөгү өзөктүк куралга ээ болгон Украина, Казакстан менен Беларус дагы ал куралдан баш тартты жана алардын аймагы өзөктүк куралдан бошотулду. Ошондуктан, эмне кылуу керек экенин биз жакшы билебиз. Ошол эле учурда Түндүк Кореянын маселеси өтө опурталдуу жана бул учурда мен бир топ пессимистмин, өзөктүк куралга ээ болуу Түндүк Кореянын кызыкчылыгында эмес экенин аларга түшүндүрүү ишинде шанс өтө аз.

Отчетто айтылгандай, эң негизги маселе - кеңири кыруучу куралда пайдаланылган заттарды кайтаруу ишин күчөтүүдө.

XS
SM
MD
LG