Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

Америкалык генерал Кытай менен Орусияны сынга алды


АКШнын аскерий күчтөрүнүн биргелешкен ордосунун башчысы генерал Ричард Майерс кечээ күнү журналисттер менен жолугуп, Шанхай кызматташуу уюмуна жетекчилик кылган Кытай менен Орусия бекеринен Борбор Азиялык жумурияттарга тийишүүдө деп билдирди. Шанхай уюмунун 5-июлда Астана шаарында өткөн жыйынында - Кыргызстан менен Өзбекстандагы америкалык аскерлер качан чыгарылып кетээри такталууга тийиш деп айтылган. Майерстин пикиринде, америкалык аскерлер аймакка стабилдүүлүк гана алып келүүдө. АКШ коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Лоренс ди Ританын айтымында, Борбор Азиядагы базалар АКШга сөзсүз деле керек эмес, Астанада жасалган жарыядан кийин болсо АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд кыргыз жана өзбек жетекчилери менен байланышкан эмес.

XS
SM
MD
LG