Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:54

КАИРДЕ ЛОНДОНДОГУ ТЕРАКТТАРГА ТИЕШЕСИ БАР ДЕП ШЕКТЕЛГЕН АДАМ КАРМАЛДЫ


Египеттин полициясы Лондондогу жардырууларга тиешеси бар деп шектелген адамды кармады. Бул жөнүндө Египеттин ички иштер министри билдирди. 33 жаштагы Магди эль-Нашар жума күнү Каир аэропортунда камакка алынды. Англиянын Лидс шаарындагы университетте химия боюнча сабак берген Эль-Нашарга Британиянын жана АКШнын полициясы издөө салган. Ал азыр полицияга сурак берип жатат.

Өткөн жумада орун алган жардырууларды иликтеп жаткан Лондон полициясы негизинен терракттарды уюштурган жана жардыргыч заттарды жасаган адамдарды издөө менен алек. Полиция элге кайрылып, жан кечтилер ким менен байланышта турганын аныктоого жардам бере турган маалымат берүүнү өтүндү:

- Биз бир нече суроого жооп алуубуз зарыл. Атап айтканда, жардырууларды ишке ашырган адамдар кимдер, алардын колдоочулары, каржылагандар ким, жан кечтилер кайсы жерде машыгышкан, аларды ким тукурган? Мунун бардыгын аныктоо үчүн бир нече ай керек, - деди комиссар Питер Кларк бейшембиде өткөргөн пресс-конференцияда.

Полиция эки жан кечтинин аты жөнүн тастыктады. Алар – 18 жаштагы Хасиб Мир Хусейн жана 22 жаштагы Шехзад Танвер. Экөө тең Британияда туулуп өскөн, Лидс шаарында турушат, бирок теги пакистандык.

Аналитиктер египеттик химиктин изделип келгенине караганда, полиция 7-июль күнкү жардыруулар жакшы уюшулган, тажрыйбалуу “ал-Кайида” өңдүү уюмдун колунан келген деп шек саноодо дешет.

Лондондук эксперт, коопсуздук маселелери боюнча адис Дэвид Клэриж терракттарды уюштуруу деңгээли “ал-Кайиданыкына” окшошот дейт:

- Менимче, кол салуу болгон күндөн тартып эле анын артында “ал-Кайида” же башка ири уюм турат деп көптөрү эле шектенген. Британ жарандары жардыргыч заттары менен камсыздашкан жана теракттарды ишке ашырышкан болушу керек.

Лондон шаарынын полиция башчысы Иэн Блэр жардырууларга “ал-Кайиданын” тиешеси бар болушу ыктымал деп жума күнү билдирди.

Пакистандын президенти Первез Мушарраф Британ премьер-министри Тони Блэрди тергөөнү керектүү маалымат менен камсыздап турабыз деп ишендирди. Полиция жан кечтилердин экөө Пакистанга барып, диний таалим алышкан деп болжолдоодо.

Бирок полиция бомбалар Британияда жасалганбы же башка жерден алынып келингенби так биле элек. Алгач тергөөчүлөр жардыргыч заттар жергиликтүү шарттарда жасалган деп болжолдошкон. Кийинчирээк полиция бомбалар армияда колдонгон, күчтүү заттардан турганын айтып, аналитиктер алар Чыгыш Европадан сатылып алынган деген тероиясын ортого салышты.

Жума күнү Лондон шаарынын полиция башчысы баш калаадагы мечитте сүйлөп, британдык мусулмандарды башка кан төгүүлөрдү пландап жаткандарды таап-аныктоого жардам берүүгө чакырды:

- Лондондо миллионго жакын мусулман жашайт. Улуу Британияда болсо алардын саны бир жарым миллиондон ашат. Борбор калаанын полициясында 300 мусулман гана иштейт. Мен бул аз деп ойлойм. Биз силерге муктажбыз.

Байистүү мусулман топтору полиция менен кызматташып жатышат.

XS
SM
MD
LG