Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

ЖАҢЫ КЫЗМАТ: КАРШЫ, КАЛЫС


Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу оголе көп сөз болуп келатат. Коррупцияны ооздуктап, «көмүскө экономиканы» коңулдан чыгаруу, арам акчаларды адалдоого каршы туруу маселелери өзгөчө курч коюлууда. Бул максатта Кыргызстандын каржы министрлиги финансы чалгын кызматын уюштуруу зарылдыгын ачыкка чыгарууда.

Каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров финансы чалгын кызматы ачык ишкерликке тоскоол кылбаган, корпорациялык кызыкчылыктан жогору турган орган болушу керек деп эсептейт. Министрликтин маалымат кызматы тараткан билдирүү боюнча, финансы чалгын кызматы ириде улуттук коопсуздукту чыңдоого көмөк көрсөтөт.

- Аркыл өлкөлөрдүн финансы чалгын кызматынын бөлүктөрү менен мыйзам коргоо органдарынын биргелешкен аракетинин натыйжасында гана арам акчаларды кантип адалдоо схемасын ачып, террорчулукту каржылык жактан колдоого каршы туруп, дүйнөдө туруктуулукту камсыз кыла алабыз, дейт Акылбек Жапаров.

Антип финансы чалгын кызматына өзгөчө үмүт артып отуруунун артында Кыргыз экономикасынын ыкчам өнүгө албай жатышы, «көмүскө экономиканын» баштагыдай эле чайлап-коолап кетиши, коррупцияга каршы күрөштөн алгылыктуу натыйжа чыкпай жатканы себеп болууда. Буга кошумча, кийинки кездери бийлик менен криминалдын коюн-колтук алышып кеткени, өлкөнүн келечегине чоң коркунуч туулуп калганы жалаң эле жаңы бийликти эмес, жаамы журтту түйшөлткөн маселеге айланууда.

Кыргызстандын Башкы прокурору Азимбек Бекназаров коррупция коом турмушунун бардык жерине кеңири жайылган, оңолушу кыйын ооруга айланып кеткен деп эсептейт:

- Каныбызга сиңип калган нерсе экен чындыгында. Келген кишилердин баарын эле камай бербейсиң да. Мага деле келишип атат илгеркидей эле. «Эми кур аякка бата жүрбөйт да, минтип койбойсуңбу, тигинтип койбойсуңбу» деп. Мындан арылыш үчүн дагы убакыт керек экен. Бул баягы каныбызга биротоло кирип калыптыр.

Экономика илим кандидаты Кылычбек Супатаев мамлекет өзүнүн экономикалык коопсуздугун коргоо үчүн катаал иш-чараларды жасашка милдеттүү деген пикирде. Арам акчаларды адалдоого бөгөт коюу, «көмүскө экономиканы» коңулдан чыгаруу амалында өкмөт мыйзам чегинде иш алып барышы керек.

- Катуy аракеттер жасалышы керек, арам акчаларды адалдоого каршы туруш керек. Андан башка айла жок.

Саясат таануучу Карыбек Байбосунов финансы чалгын кызматын түзүүнүн эч кандай зарылдыгы жок. Ансыз деле Кыргызстанда тергөө-текшерүүчү органдар өтөле көп дейт:

- Биздин мамлекет үчүн кереги жок, артыкбаш структура болуп эсептелет. Себеби, ансыз деле финансы полициясы деген бар, бажы кызматы бар. Экономикалык дагы полицияларды түзүп жиберишкен. Анан ар бир соцфонддо, салык инспекциясында изилдөө-тергөө жана башка структуралары бар экен. Окусаң тим эле жүрөгүң түшөт. Эми дагы финансы чалгын кызматын түзсө, анда бизде финансылык Штирлицтер пайда болот. Бизде пайда келтире турган, өзүн актай турган структуранын түзүлүшү мүмкүн эмес. Биздин жаңы революционерлер бөйрөктөн шыйрак чыгара беришсе экономикабыз эч качан өспөйт.

Жаңы өкмөт административдик реформа өткөрүү демилгесин көтөрүп, 25 миң ашуун чиновниктердин санын кыскартып, өлкөнүн экономикалык дараметине жараша чакталуу гана башкаруучуларды калтырууну айтып келатат. Бирок ал арада эле чек ара кызматы түзүлүп, эми артынан жаңы кызматтын шек-шоораты угула баштады. Азырынча жаңы түзүм канча адамдан турары каржылык булактары кайдан келери тактала элек.
XS
SM
MD
LG