Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:06

«ЭРКИНДИК» ПАРТИЯСЫ ПАРЛАМЕНТТИ ТАРАТУУ БОЮНЧА КОЛ ТОПТОМОКЧУ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 16-июлда Бишкекте «Эркиндик» партиясынын курултайы өттү. Жыйында жети маселе каралды. Парламентти таратуу үчүн 300 миң атуулдун колун топтоо маселеси көтөрүлүп, бул боюнча иш алып баруу партиянын саясий кеңешине тапшырылды.

Курултайга өлкөнүн бардык дубандарынан келишкен партия мүчөлөрү катышышты. Жыйында партиянын саясий кеңешинин үчтөн бир бөлүгү кайра шайланды. Андан соң президенттик шайлоонун жыйынтыктары жана сабактары, мамлекеттик түзүлүштү жаңыртуу, «Эркиндик» партиясы менен аткаруу бийлигинин мамилеси деп аталган жана башка баш аягы жети маселе каралды.

Курултайда өлкөдөгү саясий жана экономикалык реформа боюча эки доклад жасалды. Биринчи маселе боюнча партия төрагасы Топчубек Тургуналиев сөз сүйлөдү:

- Мурдагы мамлекеттик система авторитардык ыкмага ооп кеткен. Ага көп токтолбой эле коелук. Демек, эгерде биз мамлекеттик системаны жакын арада өзгөртпөсөк чайнала беребиз. Кептин бары мамлекеттик түзүлүштө.

Топчубек Тургуналиев бул максатта партиянын жасай турган ишин да аныктай кетти:

- Ошондуктан, биздин партиянын милдети жаңы шайланган президентке биз иштеп чыккан мамлекеттик жаңы түзүлүштүн долбоорун жакынкы күндөрү сунуш кылабыз. Анын негизинде мамлекеттик бийлик тең салмактуу болуп үчкө бөлүнүш керек жана алар бири-бири менен эриш-аркакта иш алып барыш керек. Бийлик бутактарынын бири-бири менен тирешкенинин кереги жок. Кыргызстанга тынчтык керек. Ошондо гана өнүгүү болот.

Андан аркы сөзүндө Топчубек Тургуналиев Аскар Акаевдин мезгилинде шайланган парламент өз ишин баштагандан бери жаңы аткаруу бийлигине ар тараптуу бут тосуп жаткандыгын айтып, ал жетектеген партия келечекте парламентти таратуу үчүн 300 миң адамдын колун топтоосу зарылдыгын белгиледи:

- Референдумга даярдануу - өтө чоң маселе. Кылдат даярдык көрүш керек. Биз элдердин колун топтоп, жаңы шайланган президентке абдан чоң жардам көрсөтөбүз. Себеби ал киши эки апта илгери эгерде Жогорку Кеңеш жакшы иштесе иштей берсин деп айтты. Дагы бир белгилеп кетейин, ал эгерде деп айтты.

Жыйындын жүрүшүндө парламентти таратуу боюнча түрдүү пикирлер айтылды. Ал эми кол топтоого даярдык көрүү маселеси партиянын саясий кеңешине тапшырылды. Курултайдын соңунда биз жыйындын айрым катышуучуларын сөзгө тарттык:

- Мен Баткен обласынын Кадамжай районунан келдим. Парламентти таратуу керек. Алардын көпчүлүгү мыйзамсыз жолдор менен депутат болушкан. Жакынкы үч айда таратыш керек.

Кадамжайдан келген Бүзейнеп Абдрасулованын бул пикирине анын жанында турган партиялашы Элмурат Кыдырназаров да кошула турганын билдирди:

- Парламентти таратууга мен кошулам. Парламентти кайра партиялык тизме менен шайлаш керек. Парлментти тартатуу үчүн кол топтош керек. 300 миң эмес миллион колду да топтосо болот. Учурда карапайым эл парламентти таратууну кош колдоп колдойт.

Ал эми Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев «Эркиндик» партиясы парламентти таратуу үчүн кол топтой албайт деген пикирде:

- Аны кол жыйнаганда көрөбүз. Топчубек Тургуналиев кол топтой албайт. Эгерде Тургуналиевдин артында чыныгы чоң күчтөр турса гана ал топтой алат. Ага топтолгон колдун санына жараша баа беребиз.

XS
SM
MD
LG