Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Айдеркен шаарчасында тоо кенчилер күнү белгиленди


БАТКЕН. Облус губернаторунун милдетин аткаруучу Султан Айжигитов баштаган жергиликтүү жетекчилер катышкан салтанатта комбинаттын он үч кызматкери мактоо барактары жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Айдаркен сымап комбинатынын башчысы Токтобек Сартбаевдин билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө ишканада 1200 киши иштеп, жумушчулардын орточо айлык акысы 4 миң сомду түзөт. Комбинат бир жылдын ичинде миң тоннага жакын сымап өндүрөт. Айдаркен сымабы орточо баада килограммы 18 доллардан Европага, Орусияга сатылып жатат. Ушул тапта Айдаркен сымабына АКШ да кызыгууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG