Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

Барскоондо тынч митинг өтөт


БИШКЕК. 18-июлда Ысыккөл облусундагы Барскоон айылында Барскоон трагедиясынан жапа чеккендердин социалдык-экономикалык укуктарын коргоо боюнча тынч митинг өтөт. Бул тууралуу «Азаттыка» 16-июлда Ысыккөлдөгү «Карек» бейөкмөт уюмунан билдиришти. Ага 98-жылы май айында болон Барскоон окуясынан жапа чеккен беш айылдын, - Барскоон, Тамга, Тосор, Чоң Жаргылчак жана Кичи Жаргылчак айылдарынын тургундары келишет. Митингдин катышуучулары жаңы бийлик тарабынан алардын укуктарын коргоо талаптары менен чыгышат. 98-жылы 20-май күнү 1750 кг. цианид Кумтөр ишканасынын жоопкерчиликсиз мамилесинен улам Барскоон суусуна төгүлгөн. Андан бүгүнкү кунгө чейин жүздөгөн адамдар жапа чегишүүдө. Бул трагедиядан жабыр тарткандар өкмөттөн аларга материалдык жана моралдык чыгымды эл аралык стандарттарга ылайык төлөп берүүнү талап кылышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG