Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Косманавт Салижан Шарипов - Ош мамлекеттик университетинин ардактуу прфессору


ОШ. Ош мамлекеттик университетинин жыйындар залында уюштурулган атайын аземге учкуч-космонавт Салижан Шарипов жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн коштоосунда келди. Ардактуу профессор наамын ыйгаруу аземине окуу жайдын студенттери жана окутуучулар жамааты келип катышып, учкуч-космонавт менен пикир алмашышты. Салижан Шарипов Ата мекенге жана туулган жерге берилгендиктин үлгүсү катары Кыргызстандын гербин, туусун жана гимни жазылган компакт дискти дайыма жанында алып жүрөөрүн айтып өттү. Жолугушуунун аягында Ош мамлекеттик университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Мухтар Орозбеков учкуч-космонавтка окуу жайдын ардактуу профессору деген наамын ыйгарды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG