Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Өлкө административдик реформага муктаж


БИШКЕК. Өлкөдөгү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациясы президентке жана өкмөткө административдик-территориалдык реформа жүргүзүү боюнча долбоорун сунуштайт. Бул тууралуу 16-июлда аталган уюмдун жетекчиси Курманбек Дыйканбаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында долбоорго ылайык, өлкөдө облустар менен райондор жоюлуп, алардын ордуна округ же башка аталыштагы аймактык биримдиктер түзүлүшү керек. Өлкөдөгү 471 айыл өкмөт да ириленип, алардын саны кыскартылышы зарыл. Административдик реформанын башкы максаты – бири-биринин жасаган иштерин кайталаган чиновниктердин аппаратын кыскартуу, бюджет каражатын үнөмдөө. Учурда тийиштүү мыйзам долбоору иштелүүдө. Күзүндө бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталмакчы.

XS
SM
MD
LG