Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Жалалабат облустук бийлиги облустагы коопсуздук чаралары тууралуу билдирүү таратты


ЖАЛАЛАБАТ. Айрым чет элдик маалымат каражаттары менен укук коргоочулардын өзбек бозгундарын кабыл алганы үчүн кыргыз-өзбек чек ара аймактарына өзбек аскерлери тартылып, Өзбекстан аныктоону талап кылган жайларды ээлеп алышы ыктымал деген божомол чындыкка дал келбейт. Облуста жана облустун Өзбекстан менен чектешкен чек ара сызыктарында кооптонууга жүйөлүү жагдайлар жана шектенүүгө негиз болуучу себептер жок. Мындай билдирүүнү облустук акимчиликтин коопсуздук жана укук коргоо бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Бечелов жасады. Бөлүм башчы Кадырбек Бечеловдун ырастоосуна караганда, облус менен чектешкен Өзбекстандын райондорунун жетекчилери Өзбекстандын ички коопсуздугун сактоо, экстремисттик элементтердин Кыргыз Республикасынын аймагына өтө качпоосу жана дайыма эки өлкө ортосундагы тынчтыкты сактоо үчүн коопсуздук чараларын күчөткөнүн билдиришкен.

XS
SM
MD
LG