Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

«Эркиндик» партиясы парламент конституциялык жол менен тарашын туура көрөт


БИШКЕК. Кыргызстандын парламенти мөөнөтүнөн мурда конституциялык жол менен таратылууга тийиш. Мындай сунушту «Эркиндик» партиясы президент Курманбек Бакиевге жолдойт. Бул тууралуу 16-июлда аталган партиянын кезектеги курултайында айтылды. «Эркиндик» партиясы Жогорку Кеңешти таратуу маселесин элдик референдумга чыгаруу боюнча 300 миң адамдын колун топтоо ишин жакын арада баштамакчы. Курулайда партиянын өкүлдөрү жакынкы 7-8 айдын ичинде Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүш системасын өзгөртүп, өлкөдө административдик-аймактык реформаны жургузүүнүн, кадр саясатын өзгөртүүнүн зарылдыгы тууралуу пикирлерин айтышты. Курултайда белгиленгендей, экс-президент Аскар Акаевдин убагында иштеп, мамлекеттин каражатын өз кызыкчылыгына пайдаланган чиновниктерди кылмыш жообуна тартуу керек. Административдик реформанын алкагында өлкөдө чиновниктердин саны 50 пайызга чейин кыскарууга тийиш. 40ка жакын министрлик менен ведомстволуктордун да тең жарымын азайтуу зарыл. Мындай сунуштар да партия тарабынан президентке жолдонмокчу.

XS
SM
MD
LG