Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз өкмөтүнө эч кандай кысым болбогондугун билдирди


БИШКЕК. 16-июлда Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратты. Анда “Кыргызстандын аймагында убактылуу турушкан өзбек атуулдарынын маселеси Кыргызстандын тиешелүү структуралары менен бир туугандык, достук жана өз ара түшүнүүчүлүктүн негизинде чечилүүдө”, деп айтылат. Ошондой эле Кыргызстан бийлигине Өзбекстан “кысым” көрсөтүп, “кыргыз чиновниктерин сатып алуу” сыяктуу имиш кептерди Өзбекстан тарап четке кагып, бул кептерди ушак катары баалады. Билдирүүдө бул маселе тыгыз кызматташуунун, коопсуздук идеясынын алкагында тынчтыкты, туруктуулукту камсыз кылып, эки өлкөнүн жана эки элдин кызыкчылыгына байланыштуу карала тургандыгы белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG