Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:45

БРИТАНИЯ ЭКСТРЕМИЗМГЕ КАРШЫ МУСУЛМАНДАР МЕНЕН КОШО КЫЗМАТТАШЫП КҮРӨШӨТ


Нарын АЙЫП, Прага Лондон шаарында 7-июлда болгон жардыруудан курман болгондордун саны элүү бешке жетти. Жардырууларды уюштурган төрт жанкечти жигиттердин айрымдары акыркы эки жылда Пакистанга барганы аныкталды жана алардын бул өлкөдөгү диний экстремисттик коомдор жана "ал-Каида" аттуу террордук уюм менен мүмкүн болгон байланыштары азыр иликтенүүдө.

2002-жылы Исламабад шаарындагы АКШ элчилигинин алдында жардыруу уюштурган жана кийин камакка алынган адамдын Лондон жардырууларына тийешеси бар деп шектелип жатат. Пакистан жетекчилиги британ коопсуздук уюмдары менен кызамтташууда.

Британиянын мусулман коомчулугу жардырууларды уюштургандарды сындап чыкты, премьер-министр Тони Блэр болсо 16-июлда Лондон саясий институтунда чыгып сүйлөп, террорчулукка каршы күрөш глобалдуу болуп баратат деп билдирди:

- Биз азыр кастык идеологияга туш болуудабыз, бирок бул цивилизациялар кагылышы эмес. Бүткүл адамзат, мусулмандар жана башкалар, баары ага каршы. Бул жалпы глобалдык согуш, жана бул идеялар кагылышы мусулмандардын арасында да өтүп жатат. Бул согушта биз жеңип чыгууга тийишпиз.

Британиялык премьердин айтымында, бул согушта жеңип чыгуу үчүн Ирак менен Ооганстан сыяктуу мусулман өлкөлөрүндө демократиялык өзгөрүүлөр ийгиликтүү ишке ашырылууга тийиш жана исламдык экстремизмди жок кылуу керек. Ал үчүн Батыш өлкөлөрү мусулман коомчулугу менен биргелешип аракеттенүүгө тийиш:

- Эмки аптада мен жана башка партиялардын жетекчилери мусулман коомчулугунун лидерлери менен жолугушуу өткөрөбүз. Мен ишенем, биз биргелешкен аракет көрүү тууралуу макулдашабыз. Аны менен катар мен башка мамлекеттер менен кызматташып, дүйнөгө чыныгы Исламды таратуу иштерин жүргүзөм.

Анын айтымында, мээлүн ислам динаятчылары террорчулукка каршы бул согушка өз салымын кошууга тийиш.
XS
SM
MD
LG