Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:25

Дарфур аймагында иштеген африкалык бейпилдик күчтөрүнө АКШ алты млн. доллар бөлөт


АКШ президенти Жорж Буш кечээ Коргоо министрлигине кайрылып, Африканын Судан мамлекетиндеги Дарфур аймагында аракеттенип жаткан Африка биримдигинин бейпилдик аскерлерине алты миллион доллар жардам көрсөтүүгө буйрук берди. Эмки аптада Дарфурга АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс келүүгө тийиш. Аймакта эки жалдын бери улут аралык кагылышуулар болуп, он миңдеген адам өлүп, эки миллионго жакын киши жер которууга аргасыз болгон.

Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Нарын Айып даярдады

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG