Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

Иракта улам жаңы террордук аракеттер ишке ашырылууда


Ирактын Басра шаарынын алдында бүгүн эртең менен бомба жарылгандан үч британиялык аскер курман болду. Башка террор аракеттеринен дагы жети ирактык полициячы өлдү. Жума күнү Ирактын ар башка аймагында бир нече жарылуу болгондон отуздай адам набыт кеткен, алардын сегизи - Багдад шаарындагы бир жарылуудан өлгөн. Ирактагы эл аралык күчтөрдүн катарында Британиядан келген сегиз жарым миң аскер бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG