Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Каир шаарында кармалган адам Лондон жардырууларына тийешеси жоктугун айтууда


Кечээ күнү Каир шаарында кармалган мисир жараны Магди эл-Нашар ага коюлган күнөөнүн баарын четке кагууда. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Нашар Британиянын Лидс шаарындагы университетте иштеген жана Лондондо 7-июлда жардыруулар болоорго бир апта калганда Британиядан чыгып кеткен. Ал жашаган үйдө кийин эки килограммга жакын жарылуучу зат табылган, Лондондо жардырууларды уюштурган төрт жан кечти жигиттин үчөө болсо Лидс шаарынан болгон. Анткен менен Мисирдин ички иштер министри Хабиб эл-Адилдин айтымында, Нашар чындап эле күнөөлүү деп айтууга азарынча эрте.

XS
SM
MD
LG