Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:58

Азиза Турдуева, Бишкек Республиканын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Феликс Кулов кабарчыбыздын президенттик шайлоого, кадр алмаштырууга жана стабилдүүлүк маселелерине байланышкан суроолоруна жооп берди.

- Феликс мырза, 10-июлда өткөн президенттик шайлоодо жайдын күнүнө карабай, электорат өтө жигердүү катышты. Мунун себеби эмнеде болду деп ойлойсуз?

- Менин пикиримде, элдин шайлоого ушундай жигердүү катышып бергенинин башкы себеби - алардын ыңкылап эски системадан арылууга жардам берээрине чоң ишениминде болду. Эл өзүнүн үмүтүн жаңы жетекчилер менен байланыштырып, ишенип добуштарын беришти. Мен Курманбек Бакиев менен бул темада сүйлөшкөнүмдө, ал шайлоодон жеңип чыккандыгына өтө бир чоң сүйүнүчтө болгон жок. Анткени, ал бул өтө чоң жоопкерчилик экенин, алдыда чоң иштер тургандыгын жакшы түшүнөт. Бул менимче, чыныгы мамлекеттик ишмердин позициясы. Мамлекеттик ишмер ийгиликке сүйүнбөй, жоопкерчиликти сезет. Ал эми ишеним көрсөтүлгөндөн киийн, аны актоо керек. Бул албетте, өтө татаал. Жаңы президенттин, жаңы өкмөттүн алдында өлкөнү азыркы оор абалдан алып чыгуу боюнча өтө чоң иштер турат.

- Бакиев-Кулов тандеми 10-июлдагы шайлоодо Бакиевге шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгү добуштарын бергинене канчалык деңгээлде таасирин тийгизди деп ойлойсуз?

- Тандем канчалык деңгээлде шайлоонун жыйынтыгына таасирин көрсөткөндүгүнө баа берүүгө менин укугум жок. Ошондуктан, бул маселени алдыда аналитиктер менен эксперттер иликтешээр. Бирок шайлоо алдында биздин ошондой тандемге барганыбыз туура жасалган чечим, туура кадам болгон деп ойлойм. Биздин башкы максат - өлкөдө стабилдүүлүк, тынчтыктын болушу. Бирок албетте, президенттик шайлоодо биздин тандем белгилүү ролун ойноду. Эл чоң ишенимин көрсөттү. Эми көрсөтүлгөн ишенимди биз акташыбыз керек.

- Шайлоо алдында өзүңүздүн жетекчилигиңизде «Атуулдар акыйкат шайлоо үчүн!» деген аталыштагы коомдук комитет түзүлдү эле. Шайлоонун өтүшүнө бул комитет кандай баасын берди? Буга чейин президенттикке талапкер болгондор шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү деген пикирлерин билдиришти эле.

- Комитеттин чечими – шайлоо легитимдүү болду. Шайлоо мыйзам чегинде өттү. Бул тууралуу комитеттин курамындагы президенттикке талапкер болгондор да белгилешти. Бирок комитеттин айрым мүчөлөрүнүн пикиринде, шайлоонун жүрүшүндө бир катар кемчиликтер орун алды. Мисалы, шайлоочулардын тизмелери толугу менен такталган эмес. Бул да шайлоонун жыйынтыгына кыйыр түрдө таасирин тийигизгендей, бирок шайлоонун жыйынтыктары бурмаланган деп айтууга негиз жок. Айрым жерлерде административдик ресурсту пайдалануу аракеттери болгон. Башка кемчиликтер да орун алган. Мындай фактылар боюнча текшерүүлөр жүргүзүлөт. Күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жоопко тартылышы керек.

- Феликс мырза, буга чейин президент Курманбек Бакиев экөөңүздөрдүн ортоңуздарда түзүлгөн Меморандумга ылайык, сизди премьер-министрликке көрсөтөөрү жөнүндө билдирди. Сиз премьер-министр болуп калсаңыз, азыркы убактылуу өкмөттүн курамы канчалык деңгээлде өзгөрүшү мүмкүн?

- Эми мен бул маселе боюнча президент менен кеңешиш керек деп ойлойм. Анткени, анын белгилүү милдеттенмелери бар. Аларды эске алуу керек. Президенттин да кандайдыр бир пландары бар. Биз туура чечим табабыз деп ойлойм. Анын үстүнө биз саясат, стабилдүүлүк деген түшүнүктөр бар экендигин да эске алышыбыз керек. Алар да тигил же бул кызматка кимди сунуш кылуу маселени чечүүдө белгилүү факторду ойнойт. Кандай реформа болбосун, анын максаты – эл аны өзү сезиши керек. Ошондуктан, эгерде роеформанын жүргүзүлүшү билинсе, эл өзү баа берет.

- Ал эми иш жүзүндө өкмөттүн курамын түзүүдө президенттин таасири көбүрөөк бололу, же премьер-министрдинби? Өзүңүз билесиз, мурда бардык маселелер президент тарабынан гана чечилчү да.

- Эми мен кимдир бирөөнүн таасири көбүрөөк болушу керек деп эсептебейм. Бул маселе боюнча мага Курманбек Салиевичтин позициясы жагат. Биз үчүн кадрларды тандоодогу башкы факторлор иш билгилик сапаттар жана тазалык болот. Эгерде мен премьер-министрликке сунушталып, бекитилсем, мени тигил же бул кызматка сунушталган адамдын программасы кызыктырат. Эгерде анын ошол тармакты кризистен чыгаруу боюнча программасы болсо, ал тиешелүү кызматка дайындалышы мүмкүн. Бирок белгилүү мөөнөттүн ичинде ал адам өзүнүн программасы боюнча иштеп, жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Биз тандап алган кадрларга өтө жогору талаптар коюлат. Эгерде алар өз ишин аткара албай, программасын жүзөгө ашыра албаса, анда алар эч кимге арыздана алышпайт жана кетиши керек. Мен кадрларды тандоодогу мындай принципти колдонуу биздин Курманбек Салиевич менен да, парламент менен да өз ара кандайдыр бир тушүнбөөчүлүктөрдүн болушунун алдын алат деп ойлойм. Бул бийлик бутактарынын ортосундагы кагылышууларга алып келе турган кандайдыр бир чоң саясий оюндарга алып келбейт.

- Эгерде өкмөттү жетектеп калсаңыз сиз тарабынан өкмөткө азырынча ысымдары белгисиз бир адамдар да сунушуталышы мүмкүнбү?

- Азыр мага бир нече талапкерлер тарабынан алардын программалары сунушталды. Алар жаңы адамдар. Биз алардын программаларын карап чыгып, баа беришибиз керек. Албетте, Курманбек Салиевич да бул программалар тигил же бул министрликке канчалык ылайыктуу экендигин карап чыгат. Ошондон кийин биз биргелешкен чечим кабыл алабыз.

- Феликс мырза, мындан ары биздин өлкөдө жаңы оппозиция пайда болушу мүмкүнбү?

- Мен жаңы оппозициянын пайда болушун абдан каалар элем. Мен президенттикке талапкерлигимди койом деп жарыялаганда, парламентке сунушталчу алгачык мыйзамдардын бири оппозиция жөнүндөгү мыйзам боулушу керек деп айтканмын. Азыр менин маалыматым боюнча, оппозиция жөнүндөгү мыйзам парламенттин бир депутаты тарабынан иштелүүдө. Эгерде бул мыйзам быйыл кабыл алынса, жакшы болоор эле. Анткени, эгерде биз парламентке партиялык тизмелер боюнча кошумча шайлоо өткөрөбүз десек, - анда оппозиция жөнүндөгү мыйзамды тез арада кабыл алышыбыз керек.

- Жакында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөр АКШнын Борбор Азиянын аймагындагы, анын ичинде Кыргызстандагы аскердик базасын чыгаруу маселесин көтөрүштү. Бул маселе боюнча пикириңиз?

- Менин түшүнүгүмдө ШКУда америкалык базаны чыгаруу эмес, бул база республиканын аймагында кайсы мөөнөткө чейин болоору жөнүңдөгү маселе козголду. Бул тез аранын ичинде аскердик базаны чыгаруу керек дегенди билдирбейт деп ойлойм. Анткени, аскердик базаны чыгаруу маселеси эки тараптуу, АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы келишимдин негизинде чечилет. Америкалык базаны Кыргызстандын аймагында жайгаштырууга Россиянын президенти Владимир Путин да, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөр да алдын ала өз макулдугун беришкен. Мунун баары макулдашылган.

- Парламентти таратуу боюнча ар кандай пикирлер айтылып жатат…

- Парламенттин таратылышы күтүлбөйт. Мен парламентти таратуу маселесинин көтөрүлүшү туура эмес деп эсептейм. Азыр башкы көңүл экономикалык маселелерге бурулушу керек. Саясий оюндардын кереги жок.

- Мындан ары өлкөдө стабилдүүлүк болобу?

- Эгерде саясий оюндар болбосо, өлкөдөгү стабилдүүлүккө доо келтире турган башка коркунучтар жок.
XS
SM
MD
LG