Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Казакстанга газ үчүн карыз төлөнө баштады


БИШКЕК. “Кыргызгаз” акицонердик коому Казакстандын “Казтрансгаз” ишканасына жаратылыш газы үчүн карызды төлөөнү баштады. “Кыргызгаздын” маалымат кызматы билдиргенге караганда, кыргыз тарап 33 миллион долларга жакын карызын 2006-жылдын соңуна чейин төлөп бүтүүнү пландап жатат. 2003-жылдан бери Кыргызстан казак компаниясынын карамагындагы газды пайдаланып келген. Ал эми ушунча карыздын топтолушуна керектөөчүлөрдүн өз убагында эсептешпегендиги себеп. Мисалы, “Электер станциялары” акционердик коому эле газ үчүн 13 миллион доллар карыз. “Кыргызгаз” акционердик коому казак компаниясына карызын электр энергиясы, продуктылар түрүндө жана айрым бөлүгүн акчалай кутулат.

XS
SM
MD
LG