Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

И. Жалилов: “Качкындардын арасында террористтер же кылмышкерлер жок”


БИШКЕК. Кыргызстандын аймагында башкалап турган өзбекстандык бозгундар арасында кылмышкерлер же террористтер жок. Мындай пикирин Ош шаарында жайгашкан терроризмге каршы эл аралык борбордун жетекчиси Иманберди Жалилов билдирди. Анын пикиринде, Кыргызстан башпаанек издеп келген атуулдарды, анын арасында ырасмий Ташкен кылмышкер деп санагандарды да Өзбекстанга өткөрүп бербеши керек. “Кыргызстан өзбек бийлиги тарапка кылчактабай, эл аралык норманы аткарганы оң” дейт Иманберди Жалилов. Анын пикиринде, Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы алты жыл мурда кол коюлган түбөлүк достук жөнүндө келишимдин ондон бири да аткарылган жок.. Жалалабадда баш калакалап турган өзбекстандыктар жаңы шайланган президент Курманбек Бакиевден бир да качкынды өткөрбөөнү суранып жатышат.

XS
SM
MD
LG