Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

17-июнда жарадар болгон аскер каза болгондон кийин сыйланды


БИШКЕК. 17-июнда өкмөт үйүнө жасалган чабуулду токтотуу учурунда алган жараатынан улам каза тапкан Адилет Абылмажиновду ИИМдин ички аскер бөлүгүнүн жетекчилиги “Кызматтагы мыктылыгы үчүн” төш белгиси менен сыйлады. Ал өкмөт үйүн басып алууга аракет жасаган адамдарды чыгарууда аскерлердин алдыңкы катарында жүргөн жана ошол учурда башына таш тийген. Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, ал башы ооруганына карабастан кызмат өтөөнү уланта берген. 10-июль күнү эски жарааты күчөп, эси ооп жыгылган бойдон турган жок. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 17-июндагы тополоңдо тартип коргоо органдарынын 30га чукул кызматкери жаракат алган.

XS
SM
MD
LG