Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

КЫРГЫЗСТАНДЫК АЙРЫМ УКУК КОРГООЧУЛАР БОЗГУНДАРДЫН ТАГДЫРЫНА ТЫНЧСЫЗДАНУУДА


Айрым эл аралык уюмдар Кыргызстандагы качкындар Ташкенге өткөрүлүп берилсе, ал жакта кыйноолорго туш болушу мүмкүн деп эскертүүдө. БУУнун алдындагы Кыйноолорго каршы уюм Анжиян окуяларын иликтөөгө эл аралык эксперттерди катыштыруу зарыл деп эсептейт. Буга Кыргызстандагы укук коргоочулар жана саясатчылар эмне дешет?

Кыргызстандагы укук коргоочулар Анжиян окуясын иликтөөгө эл аралык уюмдардын катышуусун туура көрүүдө. Бирок БУУнун Кыйноолорго каршы уюмунун Анжиян окуясын иликтөөгө катышуу өтүнүчү Өзбек бийлиги тарабынан азырынча колдоо таба элек. Алардын маалыматында, Өзбекстан “террорго кары күрөш” ураанына жамынып, адам укугун бузууну улантууда. Ага ылайык Кыргызстандагы качкындар Ташкенге өткөрүлүп берилсе, аларды кыйноо күтүп турушу ыктымалдыгын белгилешүүдө. Мындай маалыматты Кыргызстан адам укугун коргоо комитети таратты.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова бул тууралуу мындай пикирде:

- Бүгүнкү күнү эле аралык уюмдар үчүн, журналисттер үчүн Өзбекстан жабык. Маалымат алганга уруксат берилбей жатат. БУУнун Кыйноолорго каршы уюму Анжиян окуясын иликтөө боюнча Өзбекстандын расмий бийлигине кайрылып, колдоо таппай атат. Өзбек тарап эч кимди кабыл албай, Өзбекстандын ички иши деп гана коюп жатат. Качкындар ал жерден жанын ала качышты. Ошол жерде калып калган укук коргоочуларды, журналисттерди, жарандык активдерди камаганга чейин барып атышат. Бизге жеткен маалыматка караганда, жанын ала качып Кыргызстанга кирген качкындардын Өзбекстанда калган тууган-уруктары суракка алынып жатыптыр. Ошондуктан 400дөн ашуун адам качкындар лагеринде турушат. Буларды кайтып барса кыйноо, өлүм күтүп турбайт деп эч ким кепил болалбайт. Эл аралык уюмдардын келишимине ылайык буларды Өзбекстанга кайтарып беришибиз туура эмес. Качан гана өз каалоолору менен Өзбекстанга кайтууга макулбуз дешсе гана кетүүгө укугу бар.

Укук коргоочу мындан сырткары өзбекстандык качкындардын абалы өтө эле оор экенин белгилеп, жакындан жардам көрсөтүлүүсү абзел эле дейт. Кыргызстанды башпаанек тутуп турган коңшу өлкөнүн атуулдарынын укуктарынын корголушу, аларды ар кандай зордук зомбулуктардан сактоо аракеттери коңшулаш өлкөдөгү стабилдүүлүктүн жөнгө салынышына кошкон салым болот деп эсептейт.

Кыргызстандагы айрым бийлик өкүлдөрү болсо өзбекстандык качкындарды Атажуртуна кайтарууну туура көрүшсө, айрымдары таптакыр каршы. Коңшу өлкөнүн качкындарын Кыргызстан канатына калкалап турушу абдан эле сонун көрүнүш болду дейт мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов:

- Өзбекстандык качкындарды кабыл алганы Кыргызстан үчүн жакшы эле болду. Бул эл аралык уюмдарга, кала берсе карапайым өзбек элине жакты. Эми аларды кыйноолордон, зордук-зомбулуктардан коргоп калуу деген чоң вазийпа турат. Мындан ары ал качкындарды жаңы бийлик сактап калалабы жокпу, айталбайм. Бирок атуул катары качкындарды коргоп туруу зарыл деген ойдомун.

Мурдагы мамлекеттик катчы өзбекстандык качкындарды Ташкенге өткөрүп берүүгө каршы, өздөрү кетебиз демейин, качып чыккан жагына кайтаруу туура эмес деген пикирде.

Өзбекстанда көз карандысыз журналисттерди куугунтуктоо жана коркутуу өңдүү көрүнүштөр Анжиян окуяларында ачыгыраак байкалган. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун өзбекстандагы кабарчылары камакка алынган. Алар эл аралык адам укуктарын коргоо уюмдарынын кийлигишүүсү менен бошотулган. Ал эми өзбекстандык эркин журналисттин айтымында согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту Өзбекстанда өз ишмердүүлүгүн токтоткон эсепте.

Анан дагы БУУнун Кыйноолорго каршы бөлүмү Өзбекстан менен Европа Биримдигинин кызматташуу боюнча макулдашуусун токтотуу тууралуу Европа Кеңешине билдирди. Ал билдирүүдө Анжиян окуяларын иликтөөгө эл аралык эксперттерди катыштыруу зарыл экени белгиленет. Бирок өзбек бийлиги ага макул эмес.
XS
SM
MD
LG