Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

14-августа президенттин ант берүү аземи өтөт


БИШКЕК. Кыргызстандын жаңыдан шайланган президенти Курманбек Бакиевдин расмий түрдө ишке киришүү аземи 14-августта өкмөт үйүндө өткөрүлөт. Бул тууралуу 18-июлда биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров маалымат жыйынында билдирди. Өкмөттүн буйругу менен Курманбек Бакиевдин расмий түрдө кызматка киришүү аземин өткөрүү боюнча атайын уюштуруу комитет түзүлдү. Комитетти Адахам Мадумаров жетектейт. Кыргызстандын президентинин ант берүү аземине АКШ, Россия, Кытай, КМШ жана башка өлкөлөрдүн жетекчилери чакырылды. Учурда Улуттук коопсуздук кызматы жана башка күч структуралары инаугурация аземине келе турган мамлекет жетекчилеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүшүүдө. Ант берүү аземин өткөрүү күнү Жогорку Кеңештин депутаттары чогулат. Азем кыргыз телекөрсөтүүсү аркылуу түз эфирде чагылдырылат.

XS
SM
MD
LG