Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Президент Бакиев Кыргызстан элине кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. 18-июлда президент Курманбек Бакиев Кыргызстан элине кайрылуу жолдоду. Анда 10-июлда болуп өткөн шайлоодогу жеңишин Кыргызстан элинин ага болгон ишеними, илгери үмүтү, 24-марттагы элдик ыңкылаптын жемиштүү уландысы катары баалаган. Президент белгилегендей, күчтүү мамлекетти эркин адамдар гана кура алат. Ал эми алдыда турган башкы маселелер катары улуттук экономиканы жандандыруу, социалдык курч маселелерди кечиктирбей чечүү, кедейчиликтен арылуу, мамлекетти коррупционерлерден тазалоо, улут намыскөйлүгүн күчөтүү жана башкалар белгиленген. «Биз шайлоо алдында берген эң башкы убадабызды – калктын жашоосунун жогорку деңгээлге жеткирип, коомду иш жүзүндө демократиялыштыруу, күчтүү мамлекет жана экономика куруу милдеттерин аткарууда Кыргызстан элинин эмгегине, акыл-эсине жана билимине таянабыз». – деп айтылган президенттин кайрылуусунда.

XS
SM
MD
LG